www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ: Ысык-Көлдө жолдорго убактылуу чектөө киргизилет

Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин расмий сапарына байланыштуу Ысык-Көлдө унаа жолуна убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-15-августта Ысык-Көл облусунда XII Кыргыз-Россия экономикалык форуму, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны жана Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин расмий сапары өтөт.  

Бул иш-чараларга байланыштуу айрым жол тилкелеринде унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Чектөөлөр расмий делегациялардын кортеждери өткөн учурда гана киргизилет. Айдоочуларга алдын ала сапарын мерчемдеп, зарыл учурда кошумча багыттарды колдонуу сунушталат.

Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн иш-чараларга даярдануу жана өткөрүү учурунда Ысык-Көл ОИИБдин 1000ден ашык кызматкерлери тартылат. Ички иштер органдары жол кыймылынын катышуучуларына жана жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаратпоо үчүн бардык зарыл иш-чараларды көрөт.

Последние новости