www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 30-май күнү Нарын ОИИБнин начальнигинин убактылуу милдетин аткаруучу милициянын подполковниги С.Аманкулов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте COVID-19 жугуштуу илдеттин алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча коюлган талаптарын аткаруу максатында эл көп чогулган жерлерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Анда Нарын шаарынын борбордук базарында, азык- түлүк сатуучу дүкөндөр жана тамактануучу ашканалар санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин туура сактап жаткандыгы боюнча текшерилип, тийиштүү чаралар көрүлдү.

Мындан сырткары эл көп чогулган жерлерде бет капсыз жүргөн жарандарга Нарын ОИИБнын кызматкерлери тарабынан бет кап таратылды.

Ошондой эле милиция кызматкерлери жугуштуу илдеттин алдын алууда жарандардын коопсуздугун, саламаттыгын сактоо жаатында тынымсыз профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости