www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Буга байланыштуу, Ички иштер министрлиги жарандарды шайлоо жараянында мыйзамдарды сактоого жана жарандык жоопкерчиликти көрсөтүүгө чакырат.
Шайлоочуларды сатып алуу жана жарандардын эркин билдирүүсүнө таасир этүүнүн башка аракеттери кылмыш жоопкерчилигине алып келет. Укукка каршы аракеттерден алыс болууну жана шайлоо мыйзамдарын бузган фактылар жөнүндө ички иштер органдарына билдирүүнү өтүнөбүз.
ИИМ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө, үй комитеттерине, медициналык жана билим берүү кызматкерлерине, ошондой эле калк менен дайыма байланышта болгондордун баарына кайрылат. Алардан шайлоо өнөктүгүнө аралашпоону, үгүт иштери үчүн административдик ресурстарды колдонбоону жана бейтараптуулукту сактоону өтүнөт.
Коомдо ишенбөөчүлүктү же чыңалууну жаратышы мүмкүн болгон текшерилбеген маалыматтарды таратпоо маанилүү. Расмий булактар тарабынан тастыкталбаган ар кандай билдирүүлөр, болуп жаткан окуянын чыныгы картинасын бурмалоо менен керексиз толкундоолорду жаратышы мүмкүн. Коомдо ишенимди жана тынчтыкты сактоо үчүн мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө жана текшерилген маалымат булактарына гана таянууну сунуштайбыз.
Милиция саясаттан тышкары. Ички иштер органдарынын негизги милдети- коомдук тартипти, коопсуздукту камсыз кылуу жана ар бир жарандын саясий ишенимине карабастан анын укуктарын коргоо.