www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Мыйзамсыз баңги заттардын мыйзамсыз айланышына каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына С.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Мыйзамсыз баңги заттардын мыйзамсыз айланышына каршы күрөшүү кызматынын кызматкери андан 3 миң доллар акча талап кылып жаткандыгын билдирген. Ал бул акчаны арыз ээсинин күйөөсүнө карата кылмыш ишин оң тарапка чечип берүү үчүн талап кылган.

23-ноябрда АКС кызматкерлери тарабынан Н.Б. аттуу ИИМдин Мыйзамсыз баңги заттардын мыйзамсыз айланышына каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын жетекчиси 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал өзүн кармоо учурунда качып кетүүгө аракет жасап, арыз ээсин унаасы менен сүзүп кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Ал эми кылмышка шектелип кармалган полковник УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости