www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-октябрда ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Нарын облусунун аймагына болгон иш-сапарынын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча Республикалык штабдын көчмө жыйынына катышты.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышты.

Ошондой эле, Нарын облусундагы укук коргоо органдарынын катышуусунда шайлоо боюнча семинар-тренинг болуп өттү.

Анда О.Урмамбетов Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда мыйзамдуулукту, коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоо, шайлоону үзгүлтүккө учуратууга багытталган аракеттерди болтурбоо, алдын алуу, ыйгарым укуктарга ылайык талапкерлердин административдик жана башка ресуртарды колдонушуна жол бербөө, аныкталган укук бузуулар боюнча тез арада мыйзамдуу чара көрүп, аныкталаган укук бузуулар жана аларга карата колдонулган мыйзамдуу чаралар тууралуу жалпыга маалыдоо каражаттарына чагылдыруу боюнча тапшырма берди.

Белгилей кетсек,  Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости