www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ журналисттердин тинтүүгө алынышынын себебин билдирди

«Айт Айт Десе» жана Temirov Live социалдык баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-декабрда милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагын мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт Айт Десе» жана Temirov Live аталышындагы социалдык баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынган.

Көрсөтүлгөн маалымат ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган.

«12-январда эскспертизанын корутундусуна ылайык «Айт Айт Десе», Temirov Live аттуу баракчаларга тиешелүү материалдарда массалык башаламандыктарга чакырыктардын белгилери бар деп аныкталган.
ИИМдин тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) үчүнчү бөлүгү менен (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) кылмыш ишин козгоп, тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Учурда ИИМдин тиешелүү кызматтары бир канча даректер боюнча бир катар ыкчам тергөө иликтөө иш чараларын улантууда», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бүгүн Temirov Live командасынын учурдагы жана мурдагы кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. Иликтөөчү Журналист Болот Темиров алардын бир нечеси кармалганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости