www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үй-бүлөлүк зомбулуктун жана үй-бүлөлүк чыр-чатактардын алдын алуу боюнча Ички иштер министрлиги маалымат таратты.
Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу - бул үй-бүлөдөгү чыр-чатактарды болтурбоого жана ар бир мүчөнүн укуктарын коргоого багытталган комплекстүү чаралар жыйындысы.
Эң оболу, коомдо зомбулуктун бардык түрлөрүнө - физикалык, психологиялык жана экономикалык жол бербөө түшүнүгүн калыптандыруу маанилүү. Чыр-чатактар өз ара сый-урмат, түшүнүшүү жана диалог аркылуу чечилиши керек.
Ошондой эле жарандарды үй-бүлөлүк зомбулук үчүн каралган укуктук жоопкерчилик жана жардам алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдоо чоң мааниге ээ. Мындай жардамды укук коргоо органдары, кризистик борборлор жана социалдык кызматтар көрсөтөт.
Көйгөйдү өз убагында айтып чыгуу жана жардамга кайрылуу чыр-чатактын күчөшүнүн алдын алууга жана коопсуздукту камсыз кылууга жардам берет. Маселени жашырбоо жана аны менен жалгыз калбоо маанилүү.
Мындан тышкары, тобокел тобундагы үй-бүлөлөр менен профилактикалык иштерди жүргүзүү, түшүндүрүү иштерин уюштуруу жана психологиялык, социалдык колдоо көрсөтүү зарыл.
Ички иштер министрлиги эскертет: зомбулук - бул мыйзам бузуу жана ал үчүн жоопкерчилик каралган. Коопсуз үй-бүлө - туруктуу жана бакубат коомдун негизи.