www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыктары талкууланды.
24-июлда өткөн коллегиялык отурум Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбековдун төрагалыгы алдында өттү.

Жыйынга министрликтин жетекчилиги, борбордук аппараттын түзүмдөрүнүн башчылары, аймактык ички иштер органдарынын жетекчилери, Ички аскерлердин кол башчысы жана ИИМдин окуу жайларынын жетекчилери катышты.

Жыйында ички иштер органдарынын алты айдагы ишмердүүлүгү, министрликтин тутумун санариптештирүү, туристтик сезон маалында коомдук коопсуздукту камсыздоо жана башка актуалдуу маселелер каралды.

Министр Улан Ниязбеков санариптештирүү багытындагы иштер улантылып жатканын белгилеп, заманбап технологияларды, анын ичинде видеокөзөмөл системаларын киргизүү кылмыштуулуктун алдын алууга жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөрүн айтты.

Анын айтымында, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, «Коопсуз өлкө» долбоорун 2026-жылдын аягына чейин толук ишке ашыруу пландалууда.

Долбоордун алкагында өлкө боюнча 20 миңге жакын видеокөзөмөл камерасын орнотуу каралган.

Ошондой эле алдыдагы эл аралык жана расмий иш-чараларды коопсуз өткөрүү, туристтик мезгилде чет элдик коноктордун жана жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Коллегияда жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, кайрылууларды мыйзам чегинде өз убагында кароо, кызматтык тартипти бекемдөө маселелерине да көңүл бурулду.

Мындан тышкары, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, киберкылмыштуулуктун жана интернет аркылуу жасалган алдамчылыктын алдын алуу, жашы жете электерге карата кылмыштарды жана үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо багытындагы иштерди күчөтүү боюнча милдеттер коюлду.

Жыйындын соңунда ИИМ жетекчилигине кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук жана жол коопсуздугун камсыздоо, системаны санариптештирүү жана кызматтык жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Последние новости