www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлиги Акыйкатчынын билдирүүсү боюнча төмөнкүлөрдү билдирет

Бүгүн, жалпыга маалымдоо каражаттарында Акыйкатчынын билдирүүсүнө шилтеме берүү менен укук коргоо органдарынын жетекчилерин Ош шаарында зомбулукка кабылган 15 жашар кыздын укугун коргоого чакырган макала жарыяланган. Бул макала боюнча Ички иштер министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет.

  ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаарынын жашы жете элек тургунун бир топ балдар менен кыздар Кара-Суу районундагы каналдын жээгине алып барып, эч себепсиз ага физикалык күч колдонуп сабашып, бир нече күндөн бери белгисиз даректе кармашкандыгы боюнча ыкчам маалымат алышкан. 2024-жылдын 23-август күнү жогорудагы окуя Ош ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Бул факты боюнча ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгы тарабынан иликтөө иштери башталган.

Жашы жете элек М.М. социалдык коргоо кызматынын катышуусунда күбө катарында суракка алынып, өзүнүн көрсөтмөсүн берген. 

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жабырлануучу М.М.га соттук-медициналык жана биологиялык экспертиза дайындалган. 

Мындан аркы жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жабырлануучуну ур-токмокко алууга катыштыгы бар 2003-жылы туулган Э. Б. жана Ош шаарындагы мейманканада зордуктоого шектелип жаткан 1997-жылы туулган У. Х. такталып, тергөө кызматына жеткирилген. 

Учурда окуяга тиешеси бар башка жарандардын дагы өздүгү аныкталып, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, далил катары видеолор алынган. Дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечимдер кабыл алынат жана коомчулукка кошумча маалымат берилет.

Последние новости