www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-январь күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2018-жылдын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү. Коллегияга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев, министрдин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын башчылары, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын жана башкармалыктардын жетекчилери катышты. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин басма-сөз кызматы билдирди. 

Жыйындын негизги темасы катары, “Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын 2018-жылдын жыйынтыгы менен аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары”, “ИИОнун Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ишмердиги жөнүндө”, “Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоонун абалы жөнүндө”, “ИИМдин негизги уюштуруу иш-чаралар мерчемин жана 2019-жылдын 1-жарым жылдыгына карата коллегиянын иш-мерчемин бекитүү жөнүндө” жана башка ар түрдүү маселелер каралды. Коллегияда ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев 2018-жылдын 12 айынын ичинде уюштуруучулук жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, ички иштер органдарындагы бардык көйгөйлөрдү ачык айтып, калыс чындыкты ортого салып, кемчиликтерге акыйкат баа берип, таразага салып калыс чечимдерди чогуу кабыл ала тургандыгын баса белгиледи.

Негизинен айтканда, Ички иштер министрлиги 2018-жылдын 12 айында Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун Жарлыктарын, анын ичинде “Аймактарды өнүктүрүү жылы жөнүндө” Жарлыгын, Коопсуздук кеңешинде койгон тапшырмаларын, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн токтомдорун, анын ичинде Өкмөттүн “Ишеним, Биримдик, Жаратмандык” программасынын негизинде, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында иш-чаралар жүргүзүлдү. 2018-жылы мамлекеттик жогорку деңгээлде жалпы 19 иш-чара болуп өттү. Анын ичинде, 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Түрк тилдүү мамлекеттердин Саммити жана башка бир катар маанилүү иш-чаралар учурунда 9 миңден ашык ички иштер органдарынын кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылды. Мындан тышкары, ишмердүүлүктү өркүндөтүү максатында Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынан штаттык бирдиги 30,8% кыскартылып, жер-жердеги ички иштер органдарына берилди.

Ошондой эле, 2019-жылдын 1-январынан баштап кабыл алынган мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен, Тергөө кызматын оптималдаштыруунун негизинде, 255 штаттан турган Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалык жана бөлүктөр түзүлдү. Андан тышкары, чет элден келген туристтердин коопсуздугун камсыздоо үчүн, бир катар чет тилдерди билген, штаттык бирдиги 62 кызматкерден турган, 2 Туристтик взвод түзүлдү.Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан баштап ишмердигин жүргүзүп баштаган жаңы мыйзамдарды жана кодекстердин алкагында, Ички иштер министрлигинде, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында эл аралык тартипке жооп берген “Венециялык терезе” орнотулду жана ушуга окшогон терезени баардык региондордо орнотууну пландап жатабыз. Мындан тышкары, республикадагы шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри”, “Бузуулардын бирдиктүү реестри” ишин жүргүзүү үчүн электрондук каттоо ишке киргизилди. Коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында, эл менен кызматкерлердин ортосундагы түздөн-түз жең ичинен сүйлөшүүлөрүн жокко чыгаруу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын имаратында “Бирдиктүү терезе” аталыштагы борбору ачылды.

Борбордун милдети – жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп эсептелет. Буюрса, 2019-жылдын 1-чейрегинде “Бирдиктүү терезени” башка аймактарда ачуу үчүн белгиленген тартипте жумуштар жүргүзүлүп жатат. Ош шаары менен Ош облусунун калкын тейлөө үчүн, ал жакта “Бирдиктүү терезени” ушул жылдын февралында ачылат деп,- баса белгиледи Кашкар Джунушалиев.

Ички иштер органдарынын түзүмдүк жана аймактык бөлүктөрүнүн жетекчилеринин катышуусундагы жыйында министрликтин 2018-жылкы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кылмыштуулуктун алдын алуу, кылмыш беттеринин бетин ачуу, жол коопсуздугун сактоо багытында негизги багыттарга өзгөчө басым жасады. Ал ошондой эле ички иштер органдары мамлекетти өнүктүрүүдө өзгөчө роль ойнойт, себеби Өкмөттүн бардык реформаларын жана программаларын өлкөдө тынчтык жана тартип орногон шартта гана жүзөгө ашырууга мүмкүн,-деди ал. «Силердин ар бириңер бизге мисал катары, үлгүлүү жарандардан болууга тийишсиңер. Көпчүлүгүңүздөр күн-түн дебей оңой эмес кызматты аркалап, мамлекеттин жана коомдун алдындагы милдетиңиздерди ак ниет жана чынчыл аткарууга аракет кыласыңар. Бирок аракеттери бүтүндөй ички иштер органдарына көлөкө түшүргөн айрым кызматкерлер бар. Биз бул сыяктуу учурлардын алдын алууга тийишпиз. Ал эми мындай кызматкерлерден арылуу керек», – деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздук тармагына заманбап санариптик технологияларды киргизүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоого тийиш.

«Биздин, жада калса, тээ алыскы аймактарда жашаган жарандарыбыз дагы мамлекеттик тейлөөнүн жеткиликтүүлүгү боюнча кыйынчылыктарды сезбеши керек. Ошондуктан санариптик технологиялар өлкөнүн бардык аймактарында болушу үчүн акыркы чараларды көрүү кажет», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт мындан ары дагы коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурат, мамлекет эмгек акыны жогорулатуу жана турак жайларды куруу аркылуу милиция кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоону камсыздоо үчүн олуттуу кадамдарды жасап жатат,- деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Коллегияда кылмыштуулуктун абалы боюнча ыкчам талдоолорго да кеңири орун берилди. 2018-жылдын 12 айында республика боюнча укук коргоо органдары тарабынан 29 миң 718 кылмыш катталган. Ал эми ички иштер органдары тарабынан 26 миң 553 кылмыш катталып, кылмыштын жалпы санынын 89,3 пайызын түздү, кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшүндө 19 миң 861 кылмыштын бети ачылган. Катталган кылмыштарды иликтөө иш- чараларынын жүрүшүндө 24 миң 284 кылмыш иши козголгон жана ички иштер органдарынын тергөө кызматтары тарабынан 16 миң 318 кылмыш иши иликтенип сотко жөнөтүлгөн.

Жалпысынан кылмыш жасаган 19619 адам аныкталып, алардын ичинен 13 миң 483 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын саны 1 миң 395 фактыны түзгөн.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 16 тонна 280 килограмм баңгизаттар, психотроптук каражаттар жана прекурсорлор алынды. Андан сырткары ички иштер министрлигинин криминалдык эксперт кызматы 2 миң 548 ыкчам-иликтөө иштерин өткөрүүгө катышты, 21 миң 130 окуя болгон жерге чыгышып тиешелүү эксперттик иш чараларды жүргүзүү менен 8 миң 080 күбө далилдерди аныкташты.

Жыл ичинде дактилоскопия, трассология, курал-жарактарды, кол жазмаларды, баңгизаттарын аныктоо жана башка боюнча 4 миң 961 экспертиза жүргүзүлдү. Ал эми ИИМдин нөөмөт бөлүктөрү тарабынан 84 миң 633 жолу окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө топторун жиберилип, жыл ичинде ИИМдин ыкчам аракет кылуучу борбору 41миң 095 ар кандай телефон чалууларды тейлесе, Бишкек ШИИББнын ыкчам аракет кылуучу борбору ар кандай окуялар, кылмыштар жана маалыматтар боюнча 987 миң 153 телефон чалууларды тейледи. Жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары арасында мектеп рекетин болтурбоо жана тартип бузууну алдын-алуу боюнча 26 миң 272 алдын алуу мүнөздөгү иш-чаралар жүргүзүлгөн, анын ичинен 6275 семинарлар, 3 миң 041 тегерек столдор, 841 конференциялар, 2 миң 831 спорттук оюндар, 13 миң 284 башка иш-чаралар өткөрүлгөн.

Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан 195миң 303 окуу жайларда лекциялар окулган жана 1миң 050 жалпыга маалымдоо каражаттарына чагылдырган. Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан алдын-алуу чараларын жакшыртуу боюнча 89 миң 583 жиберилген маалыматтар, анын ичинен билим берүү органдарына 47 миң 900, саламаттык сактоо органдарына 4миң 763, үй- бүлөө жана балдар бөлүмүнө 12 миң 405, коомдук алдын алуу борборуна 8 миң 300 жана башка социалдык мекемелерге 16 миң 215 маалыматтар жиберилген.

2018-жылдын 12 айында жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан “Өспүрүм”, “Селсаяк”, “Камкордук”, Кайрадан мектепке”, “Рэкетке каршы”, “Лидер” аталыштардагы 1 миң 535 жалпы рейддер өткөрүлгөн. Ата-энелик укугун ажыратуу боюнча сотко жиберилген материалдар 126, анын ичинен ата-энелик укугунан 56сы ажыратылгандар.

Балдар менен иштөө Комиссиясына 15 миң 682 материал жөнөтүлгөн, анын ичинен 12 миң 856 каралгандыгын да баса белгилейбиз. Ошол эле убакта Кашкар Джунушалиев, кылмыштуулукту алдын алууда, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштардын бетин ачуу, анын ичинде резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачууда, кылмыш иштерин акыйкат тергөө, адам укуктарын коргоодо жана ошондой эле жаш өспүрүмдөргө карата жана алар тараптан жасалган кылмыштарга бөгөт коюу боюнча ички иштер органдарынын жер-жерлердеги милициянын башчылары тарабынан кемчиликтер бар экендигине байланыштуу кескин сын айтты.

Коллегиянын жүрүшүндө ачылбай калган резонанстуу кылмыштар боюнча катуу сын-пикирлер айтылып, ал кылмыштардын бардыгын ачуу боюнча да кошумча тапшырмалар берилди. Борбордук аппараттын жана жер-жерлердеги кызмат башчыларынын жетекчилик уюштуруучулук-иштеринин өз деңгээлинде уюштурулбагандыгы, белгиленген иш-чаралар тиешелүү деңгээлде аткарылбай жаткандыгын белгиледи.

Коомдук жайларда коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулукту алдын алуу багытында, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында да милицияга жүктөлгөн милдеттер боюнча мамлекеттин жана элдин алдында ички иштер органдарынын тиешелүү бардык жетекчилери жооптуу экендигин да айтылды.

Жергиликтүү жетекчилердин өз милдетине кайдигерлик мамиле жасагандыгынан болуп жатат. Бүгүнкү күндүн шарттарына жараша коомдук коопсуздукту сактай турган, мамлекеттин туруктуулугун камсыздай турган тажрыйбалуу жана деңгээли бийик милицияны эл талап кылууда, ошол себептүү коомчулук тарабынан коюлуп жаткан тапшырмалар менен ишенимди биз акташыбыз зарыл деди. Айрыкча баңгибизнеске каршы күрөшүүдөгү, экстремизмге-терроризмге каршы күрөшүү багытында бардык кемчиликтер да айтылып, аны чечүүүнүн жолдору да белгиленди. Коллегияда ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын, экстремизмге жана терроризмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Тергөө кызматынын, ИИМдин ички иликтөөлөр кызматынын, ИИМдин жол коопсуздугун камсыз кылуу Башкы башкармалыгынын, Ысык Көл, Нарын, Чүй, Жалал-Абад облусттук жана Бишкек шаардык башкармалыктарынын башчыларынын коомдук тартипти сактоодо кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү ишмердүүлүгү толугу менен катуу электен өткөрүлдү.

Ошондой эле ички иштер органдарынын ички кызматтык тартиби тууралуу да олуттуу сөз болду. Коллегиянын жүрүшүндө министр Кашкар Джунушалиев өткөн жылдардагы кылмыштарды иликтөө жана анын бетин ачууга, кылмышкерлерди издөөгө жана кармоого байланышкан тиешелүү иш-чараларды уюштурууга, кылмыш иштерин калыс жана сапаттуу иликтөөгө, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү күчөтүү менен ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүгө багытталган ыкчам-тергөө иштерин күчөтүү боюнча тапшырма берди. Ошондой эле, Кашкар Джунушалиев өз сөзүндө 2019-жылдын 1-январынан күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекстер боюнча биз кемчиликтерди кетирип албоо үчүн баарыбыз максаттуу иштешибиз зарыл.

Биз Кыргыз Республикасынын жаңы кодекстеринин натыйжалуу иштешине шарт түзөбүз. Ошондой эле Кашкар Джунушалиев жаңы кодекстердин жоболору укук коргоо органдарынын ишмердигин өркүндөтүүгө, калктын милицияга болгон ишенимин жогорулатууга, ошондой эле укук коргоо органдарында реформаны ишке ашырууга багытталат жана мунун негизги өзгөчөлүгү жарандардын укуктары менен эркиндигин жана коомдун кызыкчылыгын коргоого укук коргоо органдарынын ишмердигин өркүндөтүү керектигин билдирди. Биздин негизги максатыбыз – коомдун, жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу мамлекеттик тутумун жогорулатуу болуп саналат. Ички иштер органдарынын потенциалын чыӊдоо жана жарандардын конституциалык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, жарандардын, коомдун жана өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле мамлекеттик маанилүү объектилерди коргоо Кыргыз Республикасынын ички коопсуздугун камсыз кылуу системасын өркүндөтүүгө багытталган масштабдуу реформаларды жүргүзүүгө жетишүүнүн негизги жагдайы болуп эсептелет- деди Кашкар Джунушалиев.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча облустарда, башкы башкармалыктарда атайын ыкчам кеңешмелер өткөрүлгөн, анын жыйынтыгы менен ИИМдин коллегиясы ички иштер органдарынын 12 ай ичинде аткарган ишмердүүлүгүн кеңири талкууга алды жана жетекчилер тарабынан кетирилген кемчиликтери боюнча жалпы чечим кабыл алды, анын негизинде онго чукул жетекчилик курамдагы кызматкерлер тартиптик жазага кириптер болду. Ошондой эле бир катар жетекчилерге 2019-жылдын биринчи кварталы менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү жетекчилик ишмердүүлүгүнө кайрадан кайрылып, ар бирине баа бериле тургандыгы эскертилди.

Коллегиянын чечимине ылайык кызматтык ишмердүүлүгүндө кетирилген кемчиликтерине жараша Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБүнүн, Ош облусунун Чоң- Алай РИИБүнүн, Чүй облусунун Аламүдүн РИИБүнүн башчыларынын жоопкерчилиги каралды, бирок ден соолугуна байланыштуу ооруп калып коллегия катышпай калгандыгына байланыштуу алардын ээлеген кызмат ордунан бошотуу тууралуу маселе, жогоруда аталгандардын кайрадан ишке чыкканда карала тургандыгы да баса белгиленди.

Ошондой эле коллегиянын жүрүшүндө бир катар кемчиликтери үчүн Ысык-Көл облустук ИИБнын башчысы Октябрь Урманбетов ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бүгүнкү коллегиянын чечими менен өз алдынча кызматтардын жана бөлүктөрдүн жетекчилери тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарууга өзгөчө көңүл буруу, кетирилген кемчиликтерди тез арада оңдоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүү боюнча негизги багыттар белгиленди.

Коллегиянын отурумунун жыйынтыгында ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндө коомдун жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга, кылмыштуулук менен күрөшүүгө, ички иштер органдарынын бардык башкармалыктарында кызматтык тартипти бекемдөөгө, укук бузууларды алдын алууга жана ички иштер органдарынын тутумун жакшыртууга, коомдук жайларда жана көчөлөрдө коомдук абалды көзөмөлдөөгө жана ошондой эле өздүк курамдын арасында күжүрмөн кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган маанилүү чечимдер жана 2019-жылдын 1-январынан баштап иш киргизилген кодекстер менен жаңы мыйзамдардын иштешине толук шарт түзүү жана анын талаптарын аткаруу боюнча негизги стратегиялык багыттар белгиленди. Ошондой эле коллегиянын журүшүндө 2018-жылдын мыктылары аныкталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости