www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кээ бир атка минерлерге кайрадан «буламык» бышырып бериш керек болуп калды окшойт. Анткени, баардык нерсени үйрөнүү так ошол буламык жеген кезден башталат. Ал эми аткаминер болуп алган соң канча айтып, мыйзам чыгарып жатса деле буларың үйрөнбөйт тура. Ошон үчүн кайра башынан түшүү керек болуп жатат.

Айталы, Сокулук районунун акими Таалайбек Корголдоев деген кокуй бирөө мамлекеттик атрибуттарга маани бербеген неме экенин далилдеди. Дегенибиз, жаңырган 2019-жылдын башында президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Сокулук районунда болгону маалым.

Президент келе жатат десе байкуш аким Таалай Ишенбекович болушунча даярданыптыр. Жыйын өтө турган залдын сахнасына Кыргызстандын керемет табиятынын сүрөтүн (банер) илдириптир. Ал сүрөттүн бетине Кыргыз Республикасынын гербин, туусун тарттырып, гимндин текстин толук шөкөттөп-кооздоп жаздырыптыр. Кызыгы аким мырза гимндеги 2-куплеттин алынып салынганын али күнчө билбейт тура. Эсиңиздерде болсо гимндин «Байыртадан бүткөн мүнөз элиме, Досторуна даяр дилин берүүгө, Бул ынтымак эл бирдигин ширетип, Бейкуттукту берет кыргыз жерине» деген куплети ЖКнын токтому менен жокко чыкканына бир топ жыл өттү. Аким Корголдоевдин өзү кат сабаты жоюлганбы деген күдүк ой кетет экен.

Камчы Кадыров, Де-факто

Последние новости