www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-майда Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7702 аскер бөлүгүндө жаш жоокерлерди аскердик антка келтирүү аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлдү. 

Аталган министрликтен билдиришкендей, иш-чарага Ички аскерлердин кол башчысы Дамир Алыбаев, ардагерлер, жоокерлердин ата-энелери, жана чакырылган бир катар коноктор катышышты.

Салтанаттын жүрүшүндө жаш жоокерлер Кыргыз Республикасынын элине жана Мекенине ак кызмат өтөөгө, мыйзамдуулукту сактоого, жүктөлгөн милдеттерди так жана ак ниет аткарууга ант беришти.

Аталган иш-чарада Ички аскерлердин кол башчысы полковник Дамир Алыбаев жаш жоокерлерди аскердик ант берүү аземи менен куттуктап, аскердик кызмат ар бир жаран үчүн чоң жоопкерчилик жана мекенчилдиктин бийик үлгүсү экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, 7702 аскер бөлүгү Ички иштер органдары менен биргеликте Бишкек шаарындагы коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу менен катар мамлекеттик стратегиялык обьектилерди кайтаруу боюнча кызматтык милдеттерди аткарып келет.

 

Последние новости