www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматында жаш жоокерлер ант беришти. Бул тууралуу аталган жердин басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын 702 аскер бөлүгүндө жаңыдан аскер кызматына чакырылган жаш жоокерлер аскердик ант беришти.

Алар үчүн бул күн түбөлүк эсте калаарлык болду, анткени Мекен үчүн чын дилден кызмат өтөө ар бир эр азаматтын милдети эмеспи. Бул күнү 151 жаш жоокер эли-жери үчүн кынтыксыз кызмат өтөөгө ант берип, Мекенди коргоочулардын катарын толукташты.

Буга чейин жаңыдан аскерге чакырылган уландар бир ай бою атайын даярдыктан өтүшүп, аскердик кызматтын өзгөчөлүктөрүн, жалпы аскердик курстан өтүштү. Саптык, дене тарбиялык жана ок атуу даярдыгынан аскердик кызмат үчүн зарыл болгон нерселерди үйрөнүшүп, жалпы аскердик уставды, аскер кызматынын коопсуздугунун негиздерин өздөштүрүштү.

Аскердик антка байланыштуу салтанаттуу жыйынга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын колбашчысынын орун басары-штаб башчысы, полковник Д.Алыбаев катышты. Ал өз сөзүндө аскер бөлүгүнүн өздүк курамын бүгүнкү салтанаты менен чын дилинен куттуктап, кызматтагы ийгиликтер менен катар, ар бир жоокерге чың ден соолук каалады.

Бул ирет салтанатка жоокерлердин ата-энелери, жакындары чакырылган жок, анткени жетекчилик өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен ушундай чечим кабыл алды. Ага карабай салтанат шаңдуу өтүп, жаш жоокерлер командирлеринин, чогуу кызмат өтөгөндөрдүн алдында ант беришти. Салтанаттуу иш-чара жаш жоокерлердин саптык даярдык, кол мушташы боюнча атайын даярдалган иш-чарасы менен аяктады. Жыйындын соңунда майрамыкконцерт да тартууланды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости