www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Криминалдык кызматынын башчысы иштен алынды

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Криминалистика кызматынын башчысы Канат Иманалиев "ишиндеги кемчиликтер жана ишти уюштуруудагы алсыздыгы үчүн" ээлеген ордунан бошотулду. Мындай буйрукка ички иштер министри Улан Ниязбеков 29-апрелде кол койгонун ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта жазылгандай, министрдин чечими ИИМдин жарым жылдык жыйынтыгын караган коллегиясынан кийин чыгарылган. Коллегия учурунда ишиндеги кемчиликтер жана мүчүлүштүктөр үчүн бир катар жетекчилерге да чара көрүлөрү айтылган.

Коллегия учурунда министр Улан Ниязбеков жетекчилерге беш багыттан турган тапшырма берип, анын аткарылышын жеке көзөмөлүнө аларын билдирди. Ага ылайык, жетекчилер кызматкерлерин окутуп-машыктыруучу иш-чараларды өткөрүп турууга тийиш. Кызматкерлердин мыйзамды жана тартипти бузуусуна жол бербөөсү зарыл. Кызматкерлер менен иштөө, алардын атуулдук сезимин тарбиялоочу иш-чараларды уюштуруусу керек.

Мындан тышкары милиция кызматкерлери үчүн жашоого жана иштөөгө ыңгайлуу шарттарды түзүү, коомдо кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости