www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин кызматкерлери жана автосүйүүчүлөр Орловкадагы балдар үйүнөн кабар алышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 25-сентябрда ИИМдин кызматкерлери Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Орловка балдар үйүнүн тарбиялануучуларына барышты. Иш-чара социалдык колдоонун алкагында уюштурулуп, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды тарбиялоо шарттарын жакшыртууга багытталган. 

Балдардын жетишкендиктерин билүү жана аларга жагымдуу маанай тартуулоо үчүн Ички иштер министринин коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча кеңешчиси, милициянын полковниги Абдумалик Мамыров, ИИМдин Басма сөз кызматынын башчысы, милициянын полковниги Тилек Оторов, ошондой эле өздүк курам келишти. Балдарды белектер менен кубантуу жыл сайын салтка айланган. 

Милиция кызматкерлери футбол формасын, топторду, оюнчуктарды, таттууларды алып келишти. Балдар конокторду кубаныч жана шыктануу менен тосуп алышты. 

Иш-чараны ИИМдин Интерполу, Басма сөз кызматы, Катчылыгы жана "Мерседес-Бенц 220" клубунун жарандык активисттери уюштурду. 

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жаш муундарга камкордук көрүү — бул балдар менен коомдун ортосундагы ишенимди бекемдөөгө багытталган иштин маанилүү бөлүгү экенин белгилешти. 

Өз кезегинде балдар үйүнүн жетекчиси ИИМдин кызматкерлерине камкордугу үчүн ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.

Последние новости