www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милиция чөйрөсүндө анчалык таанымал эмес Эркебек Аширходжаев Кой-Таш окуясы боюнча тергөөнү жетектеп, мыйзамды аттап өтүү менен акыйкатсыздыкка барганы чуулганга айланып келет. Алмазбек Атамбаев баш болгон ондогон адамдардын камалганын, жүздөгөн койташтыктардын укуктары тебеленгенин кайда жашырабыз?
Саясий буйрукту аткаруу менен тергөөнү каалагандай бурмалап, репрессиялык ыкмаларды колдонууга барганы, жасалма айыптоолорду токуганы үчүн карьералык секирик жасадыбы?
Сооронбай Жээнбековдон мамлекеттик сыйлык алып, ал аз келгенсип ИИМдин орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн. Эртең адилеттүүлүк орноп, Кой-Таш окуясынын чыныгы күнөөлүүлөрү ачыкталышы толук мүмкүн. Ошондо Эркебек Аширходжаев камакка алынса, «ырдап» берсечи? Кимдер буйрук бергенин, тергөөнү кандайча фальсификация жасаганын чечмелейби?
Булак: Азия News гезити