www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Россиядагы өкүлү Исмайил Сагыналиев каза болду

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлү, милициянын полковниги Исмайил Сагыналиев 45 жашында күтүүсүз жерден каза болду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Исмайил Сагыналиев 1979-жылдын 9-январында туулган. Ички иштер органындагы эмгек жолун 2003-жылы Бишкек шаардык ИИБнин милициянын кайгуул күзөт кызматынын полкунун милиционери кызматынан баштаган. Андан ары ар кандай бөлүмдөрдүн ыкчам кызматтарынын жетекчилик курамында иштеген. 2022-жылы ИИМдин Россиядагы өкүлү болуп дайындалган.

«Ал кесиптештеринин арасында урмат-сыйга ээ болгон. Кызмат учурунда мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган. Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, кесиптештери жана ардагерлери Исмайил Сагыналиевдин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат. Анын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө калат», — деп билдирет министрлик.

Последние новости