www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун түзүлгөндүгүнүн 8 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чарага Жалал-Абад ОИИБнин башчысы Ашим Тагаев катышып, өздүк курамды майрамдары менен куттуктады.

ИИМдин “Шумкар” АБПнын Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири Равшан Кожобеков атайын багыттагы полктун түзүлгөн күнүнө карата ШРИИБдер жана күч түзүмдөрү арасында волейбол оюну уюштурулганын белгиледи.

Волейбол оюну жаштар жана 40 жаштан жогору курактагылар арасында 2 категорияда өткөрүлүп, жалпы 16 команда катышты.

Жыйынтыгында жаштар арасында 1-орунду ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгү, 2-орунду ИИМдин “Шумкар” АБПнын Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасы, 3-орунду Коргоо министрлигинин Көк-Жаңгак шаарындагы “Илбирс” бригадасы багындырды.

Ал эми 40 жаштан жогорку курактагылар арасында 1-орунга ИИМдин “Динамо” курама командасы, 2-орунга “Жоролор” командасы, 3-орунга “Барпы” командасы татыктуу болушту.

Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан кубок, диплом жана баалуу белектер ыйгарылды.

Мындан сырткары, Ош шаарында болуп өткөн самбо боюнча мелдеште байгелүү орундарга жетишкен кызматкерлер бүгүн, 17-январда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында сыйланышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости