www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүңөн мыкты адам менен достошуш керек. Кыйын болот, бирок өскөнүңө жакшы.

(Вера Полозкова)

Бетиң кир экенин чыныгы досуң гана айтат.

(Италия накылы)

Илгеркилер туура айтышкан: достук теңдикте гана пайда болот.

(Платон)

Достуктагы эң кыйын нерсе – өзүңдөн төмөн турган адам менен тең болуу.

(Марк Туллий Цицерон)

Жылдыз жарыкта эмес, караңгыда көрүнөт. Достук кубанычта эмес, кыйынчылыкта билинет.

(Мухаммад Окар)

Эчки менен жолборс өмүр бою дос болушу мүмкүн, бирок бир гана жолу урушушат.

(Ашот Наданьян)

Бир аз досуң болушу үчүн көп таанышың болушу керек.

(Андрей Лаврухин)

Дос тапкың келсе, душманыңды сүй.

(Терентий Травник)

Душмандар доско айланган учурлар аз эле, бирок дос душманга айланган учурлар өтө көп.

(Сергей Лукьяненко)

Досуңдун чыккынчылыгы сен үчүн аябай чоң сюрприз болсо, демек, ал чыныгы “дос” экен.

(Бернард Вербер)

Мендеги жакшы сапаттарды издеген адам – менин чыныгы досум.

(Генри Форд)

Кимдир бирөөнү өзүң тарапка тарткың келсе, адегенде сен ага дос экениңе ынандыр.

(Авраам Линкольн)

Досторуңа ишенбөө алданып калгандан да жаман.

(Франсуа де Ларашфуко)

Ким мага мен али окуй элек китепти берсе, ошол киши менин чыныгы досум.

(Авраам Линкольн)

Сага кол салган душмандан эмес, сага кошомат кылган достордон корк.

(Дейл Карнеги)

Баарлашуудан ырахат алуу – чыныгы достуктун белгиси.

(Аристотель)

Өзүмө окшош кишини таба албасымды түшүнгөндөн кийин мен адамдар менен достошконумду токтоттум.

(Курт Кобейн)

Күзгү – менин эң жакын досум, себеби, мен ыйлап жатканда ал эч качан күлбөйт.

(Чарли Чаплин)

Жаныбарлар – менин досторум, мен өз досторумду жебейм.

(Бернард Шоу)

Достук сүйүүгө караганда да трагедиялуу, ал көпкө барып өлөт.

(Оскар Уайлд)

Жаман адамдардын достугунан, жакшы адамдардын кастыгынан кач.

(Эпиктет)

Достукту баалай билгиле! Сүйүү куткара албаган жерден сени досторуң гана куткарып чыгышат.

(Коди Кристиан)

Ийгиликке жетишүү менен сен жалган досторго жана чыныгы душмандарга ээ болосуң.

(Тереза эне)

Достук – оюн эмес. Достук жөн эле сөз эмес. Ал март айында башталып, майда бүтүп калчу нерсе эмес. Ал эртеңки күн, бүгүнкү күн, ар бир күн...

(Эд Вествик)

Падышалардын достугуна ишенбеш керек. Ал бир эле шек саноодон жок болот.

(Саади)

Достук көп жылдар бою түптөлөт, бир көз ирмемде жок болот.

(Веселин Георгиев) Улуу адамдын сүйүүсү – Кудайдын берген белеги.

(Вольтер)

Достукту темир менен кыйна, бирок алтын-күмүш менен сынаба.

(Дон Аминадо)

Кул менен ээсинин ортосунда достук болушу мүмкүн эмес.

(Квинт Курций Руф)

Булак: Азия News гезити

Последние новости