www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ийгиликтин башаты - ынтымак жана биримдикте

31-июль күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгында ийгилик жараткан кызматкерлер сыйланышты. 

24-28-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Ички иштер министрлигинин түзүмдөрүнүн арасында милициянын прапорщиги Бакытбек Абдыраевдин жаркын элесине арналган «Күчтүк үч-түрдүүлүк» (таяк тартыш, таш көтөрүү, аркан тартыш) чемпионаты өткөрүлүп, анда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын командасы  мыкты спорттук чеберчиликтерин көрсөтүшүп,   ийгилик жаратышты.

Спорттук иш-чарага катышып келген Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын курама командасы  медалдар, ардак грамоталар жана алкыштар менен сыйланышты.

Башкармалыктын башчысы Жеңишбек Жоробеков сыйлык ээлерин куттуктады.

"Бул жетишкендиктер бир сөз менен айтканда ийгилик болгону менен чындыгында анын артында чоң эрктүүлүк, кесипкөйлүк  жана мекенчилдик жатат. Команданы мелдешке даярдоодо чоң салымын кошкон Ош шаарындагы "Самсон" залынын машыктыруучусу, спорттун "Армрестлинг" жана "Мас-рестлинг" түрү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери Эльдияр Мамашовго терең ыраазычылык билдиремин", - деди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости