www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште «ар кыл маселелер» саатында депутат Тазабек Икрамов мамлекеттин бүтүндүгү жана коопсуздугунан өткөн маселе жок экенин айтып, ал өзүнүн төмөнкү беш сунушун киргизүүнү сунуштады.
«Биринчи, тез арада мамлекеттик кызматкерлердин арасында кош жарандыгы бар кызматкерлерди аныктап, аларды мыйзам алдында ачыктап жана жарандыктан ажыратуу. Өзүңүздөр билгендей «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчи орун басарлыгына Казакстандын жарандыгы бар киши келди. Ал мамлекеттик маанилүү мекемеге башка элдин жарандыгы бар киши койгонбуз .Экинчиден, биз тазаланууну өзүбүздөн баштап, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарандыгын кайрадан кароо маселеси. Акыркы фактылар көрсөтүп жаткандай эле арабыздан башка мамлекеттин атуулдары чыгып жатат. Үчүнчүдөн, укук коргоо органдары анын ичинен ИИМ, Чек ара кызматында иштегендердин кош жарандуулугун аныктоо. Себеби азыр бүтүндөй дүйнөдө шпионаж маселеси олуттуу болуп, биз эмес бизден чоң державалар ушул маселеден улам саясий тирешүүгө чейин жетип жатат. Биз кош жарандыгы бар күч түзүм кызматкерлерин тез арада аныктап, жазасын бермейин мамлекеттин бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч жарала берет. Төртүнчү, саясий партиялардын түзүүчүлөрүн жана жетекчилердин жарандыгын кароо. Парламенттик партиялык башкаруу системасына бул абдан эле орчундуу маселе. Бешинчи, маалы-матты коопсуздукту камсыз кылууда сырттан каржыланган массалык маалымат каражаттардын түзүчулөрүүн жана уюштуруучулардын жарандыгын аныктоо. Бизге 2010-жылы июнь окуясынан кийин маалымат каражаттарынын сырттан грант негизинде каржыланган басмакана жана телевидение уюштуручуларынын ишмердүүлүгүн УКМК тыкыр көз салышы керек эле. Тилекке каршы, айрым ЖМКлар биздин Кыргызстанда иш алып барып жатып, каражат таап жатып, катардагы жарандарыбызга, жалпы коомубузга үчүнчү катмардагы көз карашын, элдерибизди экиге бөлүп, каада салтыбызга доо кетирип жатат.. Ушул маселени колго албасак, анда КМШ эли эле эмес, бүтүндөй дүйнөгө тескери имидж жаратуучу өлкө болуп калабыз. Менин сунушум ушул маселслерди өкмөткө протокол кылып тапшырма берип койсок», - деди Икрамов.
Булак: "Ачык саясат"