www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Тазабек Икрамов "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жаткан кворму жана ал жердеги катышып жаткан депутаттар жөнүндө комментарий берди.

"Шайлоодон кийин депутаттар ар кимиси ар кайсы жерде, кимдир бирөө жыйналышка келсе, кимдир бирөө келген жок. Өткөндө пресс-кызматчылар расмий түрдө чакыргандай эле, бул жолу келе алган адамдар келди."- дейт ал.

"Мекенин Кыргызстан" жана "Биримдик" партияларынын шайлоого катышпоосу тууралуу, депутат ал нерсе адам укутарын  бузуу деп эсептеди. Ким катышса да катышпаса да- ар кимдин шайлоого катышууга укуктуу"- деди. Анын ою боюнча эгер шайлоо жүрүп жаткан маалда мыйзам бузуулар байкалганда эле жыйынтыктарды жокко чыгарып, же болбосо партияны жарыштан алуу керек болчу.

Митингге байланыштуу болсо, башаламандыкты уюштургандардын баары жаза тартуу керектигин белгиледи.

"Мен жеке өзүм бир мандаттуу шайлоого каршы эмесмин, бирок басып өткөн жолдон кайра чегинүү да туура эмес. Референдум аркылуу эл өзү чечсин. Ким эмне дебесин, баарибир парламенттик шайлоо болуп өттү. Шайлоодо эл өзү катышып, добуш берди. Добуштарды сатып жибериштиби же боору ооруп добуш бериштиби ... БШКнын шайлоону жокко чыгарганы туура эмес"-деп айтты Тазабек Икрамов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости