www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициялардын үй-бүлө мүчөлөрү илдетке чалдыга баштады

Бүгүн, 4-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 35 учур катталды. Алардын ичинен 26 адам Бишкек шаарында экенин эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Кубан Кундашев жаңы учурлар байланышта болгондордун арасында аныкталганын айтып берди.

«Алар үй карантинде болчу. Дарыгерлердин көзөмөлүнө алынып, анын жүрүшүндө коронавируска тапшырган анализден оору тастыкталды. Жаңы аныкталган бейтаптардын арасында дарыгерлердин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү бар», - деди ал.

Анын айтымында, бир үй-бүлөдөгү бир нече адам оору жуктурган учурлар бар. «Көбүндө оору симптому жок өтүп жатат. Байланышта болгондордун баары дарыгерлердин көзөмөлүндө», - деди ал.

4-майга карата Бишкек шаарында коронавирус жуктурган 231 адам катталды. Алардын ичинен 82 адам Ленин районунда экенин өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйында вице-мэр Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, Октябрь районунда 45, Биринчи май районунда 41 жана Свердлов районунда 21 учур тастыкталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости