www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Украина оккупацияланган аймактарын кайтарып алуу укугунан баш тартпашы керектигин айтып, Бакунун Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогон позициясы өзгөрбөй турганын билдирди.
Аналитиктердин айтымында, Алиевдин мындай ачык билдирүүсүнө Азербайжандын Орусияга саясий жана экономикалык көз карандылыгынын аздыгы себеп. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери Орусия менен экономикалык, коопсуздук жана миграциялык байланыштардан улам Украинадагы согушка карата этият позиция карманышат.
Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан согушту токтотууну жана дипломатиялык чечимди колдой турганын билдирип келишет, бирок Орусиянын аракеттерине түз баа берүүдөн карманышат.