www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кимдин ким экени бир жакшылыкта, бир жамандыкта билинет» дейт кыргызда. Акыркы кездерде болуп жаткан ички жана тышкы окуяларга карата өз ойлорун, өз позициясын билдирген адамдар чоң сынактан өтүп жаткан сыяктанат. Президент Садыр Жапаров Украина менен Россиянын согушунда калыс позицияда экенин билдиргенден тартып кыргыз эли эки тарапка бөлүндү. Бир жагында илим-билимге сугарылган аң-сезимдүү адамдар Россияны колдоп жатышса, экинчи жагында баарынан кур калып, түшүнүгү тар, деңгээли төмөн болуп калгандар каршы чыгышууда.

Мисал катары айтсак, супермаркеттен азык-түлүк алып жаткан кыргыз жигит менен орто жашап калган эженин ортосунда чыр чыгып кете жаздады.

«Мен сени менен жаңжалдашкым келбейт деп узап кеткен эжеден кийин «а сенин оюңча кандай?» деп суроо узатылды эле «мына Украинаны басып алышты, эртең Казакстанды, андан кийин бизди басып алышат» деп кызыраңдай баштады. «Патриотко» теңелбей басып кеткен эже түшүнүктүү аял болсо, берки байкуш түшүнүгү тар, деңгээли төмөн экенин көрсөттү. Украинадагы улутчул фашисттер «орустардын баарын кырып жок кылыш керек» деп жулкунуп жатышса, орустарга да жан керек да.

Россия президенти В.Путин чыдамкай адам экен, көп жолу айтып түшүндүрүп, көп жолу эскертип жатты. Бирок Наполеон менен Гитлердин жолун жолдогон Украинадагы улутчул фашисттерди АКШ менен Европа колдоп турган да ченебей көөп кетишти.

Айла жок, желдерин чыгарууга туура келди. Анан эмне болду? Фашисттерди колдоп жаткан АКШ менен Европада саясый-экономикалык жана финансылык кризистер башталып, өзгөчө күн сууктаганда чоң катастрофага туш болгону калышты. АКШнын алдамчы саясаты Европа өлкөлөрүнүн шоруна калып жатканын акыры түшүнө башташты. Алардын күнү-түнү Ураинага жөнөтүп жаткан курал-жарактарын Россиянын куралдуу күчтөрү атып жок кылып жатышса, жакын арада капиталисттердин колунан «пок» келбей калары күтүлүүдө.

Анткени Россиянын жаратылыш байлыктарын, газын, күйүүчү майын, буудайын каалашынча колдонуп келген капиталисттердин экономикасы токтоп, азык-түлүктүн баалары асмандын башына чыгып кеткен. Россия менен согушкандар ачкачылыктын азабын тартканы калышты го. Анан да баарын өздөрү баштап жатышканын эч түшүнбөгөн көкмээлер экени ачыкка чыкты.

Жер бетиндеги майда өлкөлөргө согуш ачып пайда көргөн АКШ бул жолкусунда тиштери сынып, мурдагы күчүн жоготту. Колунан келгени - пропаганданы күчөтүп, тескери маалыматтарды таркатууга түшкөн. Мурдатан келе жаткан алдамчылык, бузукулук саясатын улантышып, жаңы согуштарды чыгарганга аракет кылып жатышат.

Албетте, согуш эртеби-кечпи токтойт, бирок эң негизгиси, АКШнын жүзүкара беткабы сыйрылып калганына баары күбө болушту. Алардын жырткычтыгы канча мамлекетти талкалап, канча миллион адамдарды өлтүрдү?

Булак: Азия News гезити 

Последние новости