www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомдогу ар кандай көйгөйлөрдү чагылдырып, сын пикирлерин айтып жүргөн Илим Карыпбеков жакында арка тууралуу социалдык баракчасында кайрылуу жасады.
Кайрылууда, жакынкы күндөрү Нарын жергесине бара жатып, кире беришиндеги арканы сындаса, катталуучулары эки тарапка бөлүнүп терс пикирлерди жазып киришкен. Кийин, Карыпбеков “Арка” темасы тууралуу өзүнүн жеке оюн түшүндүргөн.
- Кыргыз бираз акчасы болсо арка салабыз, болбосо акча чогулта калып арка салабыз, байып баратсак эле арка салабыз, шайлоого бара жатсак арка салабыз. Айылга салабыз, шаарга салабыз, акырында көчөлөргө арка сала баштадык. Же бир ошол салынган аркадан бир пайда болсочу...
Арка кооз эмес, ал жаңы салганда бираз кооз көрүнүшү мүмкүн, кийин бир эки жыл өткөндө ары жагы, бери жагы урап түшөт.
Башка жакка арка салса да, Нарынга арканын кереги жок болчу. Нарындын тоолорунан ашкан, кооз, укмуш арка эч жерде жок.
Арка эмес, билим салыш керек!
Аркага миллиондогон акчаларды коротуп жатышат. Мисалы, Жалал-Абад шаарындагы арканын салынганына канча жыл болду. Ал жерге жергиликтүү бюджеттен жылына ремонтко миллиондогон акча каражаты жумшалат. Ошол аркадан көрө мектеп салса болбойт беле? Эгерде, мектепке акча жетпесе, жок дегенде бир комьютердик кабинет салса болот беле? Окуучуларга окуу куралдарын, китептерди сатып берсе болот беле? Балдар ошол жерден билим, тарбия алса болот беле? Албетте, болмок. Арканы билимге салыш керек.
Арка биздин дөдөйлүгүбүздү(кем акыл) көрсөтөт. Арка эч качан биздин акылдуулугубузду, укмуштуулугубузду көрсөтпөйт.
Арка салгандан эмне пайда көрдүк? Миллионду коротуп салып койдук, жаан-чачын, шамалда урап, ошол менен жок болот.
Эгер акчаңар ашып-ташып жатса, айылда билимдүү, таланттуу балдар бар. Мүмкүнчүлүгү жок, шаарда окуй албай жүрүшөт. Ошолорго жардам бергиле, контракттарын төлөшкүлө. Мына ошол чоң инвестиция. Эгер ошол балдар өсүп, жакшы ийгиликке жетсе, кийин миллионер, миллиардер болуп кетсе, андан заңгыраган үйлөрдү салып беришет.
Арка салып эч качан укмуш болгон жокпуз. Арка салсак да жөн салбайбыз, ошонун акчасынан да жеп калабыз, эптеп курган аркабыз эки жылда урап түшөт.
Ырааттуу жашаганды, алыска көз чаптырганды үйрөнөлү. Келечекте арка салам дегендер, сиздерден сураныч, арка салбай билим салгыла! Колтойгон арка эмес,колтойгон билим салгыла!
Булак: NazarNews.kg