www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык миллиардер жана Twitterдин жаңы жетекчиси Илон Маск дүйшөмбү күнү, 28-ноябрда Apple компаниясынын Twitter баракчасына жарнамаларды жайгаштыруудан баш тартканы тууралуу айтып берди.

"Apple Twitterде жарнамасын дээрлик токтотту. Алар Америкада сөз эркиндигин жек көрөбү?", - деп жазды Маск өзүнүн Twitter баракчасына.

Ал ошондой эле Apple өзүнүн кардарларына таасир эткен бардык цензура учурларын жарыялоо керекпи деген сурамжылоо жүргүзгөн. Москва убактысы боюнча саат 22:52ге карата добуш берүүгө катышкан колдонуучулардын 64% оң жооп беришти.

Кошумчалай кетсек, ал компания себепсиз эле Twitterди App Store дүкөнүнөн алып салабыз деп коркутканын белгиледи.

Буга чейин, 27-ноябрда Financial Times гезити бир катар ири бренддер Twitter социалдык тармагынын саясатынан улам анын жарнактарындагы чыгымдарын кыскартканын жазган. Маск айрым бренддердин жетекчилерине жеке телефон чалып, аларды мындай чечимдери үчүн айыптады, деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости