www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык бизнесмен Илон Маск Google компаниясынын негиздөөчүсү Сергей Бриндин жубайы менен болгон романы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Илон Маск Сергей Брин менен дос бойдон калганын айтып, Бриндин жубайы Николь Шанахан менен мамиле болбогонун билдирди.

"Сергей экөөбүз доспуз жана кечээ кечинде кечеде чогуу болдук. Мен Никольду үч жыл ичинде эки жолу гана көргөм, эки жолу тең башка көптөгөн адамдардын курчоосунда. Эч кандай романтика жок", -  деп жазган Маск өзүнүн Twitter баракчасына.

Илон Масктын билдирүүлөрү Wall Street Journal өз булактарына таянуу менен Илон Маск 2021-жылдын күзүндө Google компаниясынын негиздөөчүсү Сергей Бриндин жубайы Николь Шанахан менен кыскача роман болгону тууралуу жазгандан кийин чыкты.

Басылманын маалыматына ылайык, бул эки миллиардердин достук мамилесин бузган. Брин өзүнүн каржылык кеңешчилерине Масктын компаниясына салган салымдарын чыгарууга буйрук бергени айтылууда. 

Гезиттин айтымында, Масктын Николь Шанахан менен болгон мамилеси Бриндин ажырашууга арыз бергенине себеп болгон. 

Жубайлардын ажырашып жатканы 2022-жылдын июнь айында белгилүү болгон. Бирок сотко тиешелүү арыз 2022-жылдын январында берилгенин Wall Street Journal кызматкерлери аныкташкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости