www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык ишкер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск Россиянын президенти Владимир Путинди Clubhouse социалдык тармагында жолугушуу өткөрүүгө чакырды. Орус тилинде жазылган мындай кайрылуусун ал Twitter баракчасына жарыялап, Владимир Путиндин расмий аккаунтун белгилеп койгон.

«Сиз менен баарлашуу мен үчүн чоң сыймык болор эле», — деп жазган Маск.

 

РИА Новости билдиргендей, Clubhouse социалдык тармагы 2020-жылдын жаз мезгилинде Alpha Exploatation Co. компаниясы тарабынан түзүлүп, коронавирус пандемиясы, карантин чектөөлөрүнөн улам тез эле эл арасында популярдуу болгон.

Аталган соцтармакта баарлашуу аудиобилдирүү форматында болот. Ал жакка катышуучулардын бири чакырганда гана кирүү мүмкүн. Адатта колдонуучулар өздөрү түзүп алган виртуалдуу бөлмөлөрдө сүйлөшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости