www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каражатты рационалдуу колдонуу максатында 8-мартка карата белек сатып алуу үчүн жарыяланган тендер жокко чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек мэриядан билдиришти.
Буга чейин Свердлов райондук администрациясынын тендер боюнча кулактандыруусу мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган. Анда 500 миң сомго 250 фитнес-браслет сатып алынары айтылган.
«Белек сергек жашоо образын эске салуу менен тандалган. Өзгөчө улгайып калган адамдарга керектүү буюм. Тендердин шарттары боюнча браслетте кан басымын, пульсту, уйкуну, кыймылды көзөмөлдөө функциялары бар болушу керектиги айтылган», — дешкен эле мэриядан.
Муниципалитет 2020-жылы пандемия күч маалында мындай иш-чара өткөрүлбөй, аялдарга жетишерлик көңүл бурулбай калганын кошумчалаган болчу.
Булак: NazarNews.kg