www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Имамдар эмдөөнүн мааниси тууралуу жыйындарга катышууда

Кызамыктын алдын алуу жана эмдөөнүн мааниси тууралуу маалыматтар берилүүчү жыйындар борбор калаа Бишкектен тартып, аймактардагы алыскы райондордо да өтүп жатат. Иш-чараларга жергиликтүү бийликтин, Саламаттык сактоо, Билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү, жергиликтүү имамдар катышууда.

29-февралда Бишкектин бардык райондорунда мектеп окуучуларынын ата-энелерге кызамыктын кесепети жана эмдөөнүн мааниси тууралуу маалымат берилди.

Ошол эле күнү Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында эмдөөнүн зарылдыгы жана кызамыктын алдын алуу боюнча талкуу өттү. Райондук хатибият кызматкери Үсөн Маматтурсун уулу ислам дининде адам баласынын ден соолугу Кудайдын аманаты экенин баса белгиледи.

Муфтияттын маалыматында, ушу тапта жума намазы окулуучу мечиттерде эмдөөнүн мааниси боюнча маалыматтар берилип, баяндар айтылып жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышына ата-энелер түрдүү себептер менен эмдөөдөн баш тартканы себеп болгонун белгилеп жатат. Министрликтин маалыматында, Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткен, алардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барганын айткан. Ушундан улам министрлик Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, муфтияттын өкүлдөрү менен кызамык жана ага каршы вакцина тууралуу талкуу жүргүзүп, дин өкүлдөрүнөн бул жаатта маалымат таратууга көмөктөшүүнү суранып келет.

Республикалык иммунопрофилактика борбору жыл башынан берки эки айда Кыргызстанда кызамыкка чалдыккан адамдардын саны 4078ге жеткенин кабарлады. Илдетти жуктургандар Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында арбын.

Ооругандардын 85% он жашка чейинки балдар.

Былтыр илдеттин 7046 учуру катталып, тогуз бала оорудан чарчап калган. Арасында беш айлык ымыркай бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости