www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселеси азыркы учурда иштеп чыгуу баскычында турат. Бул тууралуу брифингде КР экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.
Анын айтымында, аталган статус төмөнкүлөргө жол ачат:
“Акыркы элемент өтө маанилүү болуп саналат, анткени биз комплекстүү маселелер боюнча мамлекеттик структура менен жергиликтүү калктын ортосундагы байланыштар тууралуу айтып жатабыз”, - деди ал.
Ал маселелер экономикалык өнүгүү, социалдык туруктуулук, жумушчу орундарын түзүү, инфраструктураны өнүктүрүү, миграция маселелерине байланыштуу болоорун түшүндүрдү.
“Мындан тышкары, губернатордук институттун ыйгарым укуктарын күчөтүүгө өзгөчө статус берүү да каралууда. Ошондой эле, облустук өкмөт жана облустук кеңеш түзүлүшү мүмкүн. Азыркы учурда аталган маселелер иштеп чыгуу баскычында турат, бардык талкуулардан кийин акыркы чечим айтылат”, - деди Иманалиев.
Эскерте кетсек, мындан мурун КР премьер-министри Улукбек Марипов өзүнүн Facebook баракчасына видеокайрылуу жасап, анда азыркы учурда Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселеси каралып жатат деп билдирген.
Булак: NazarNews.kg