www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көрөгөч Маамыттын айтымында, өкмөт башчы Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев бажакесине таянып “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” таризинде каалаганын калчап келгени ачыкка чыгып олтурат. Алтургай анын мындай кадамдары коомчулуктун назарын буруп, катуу талкуу жаратты. Ошентип “кыңыр иш кырк жылда билинет” демекчи өкүмат акенин бажасынын кылыктары коомчулукка ачыкталып, Абылгазиев аргасыз бажасын кызматынан алууга мажбур болду. Бул эрке талтаң, көзүн май баскан бажарик кызматынан кеткенине карабай, ушул жуманын дүйшөмбү күнү кайрадан иш ордуна барып, кол алдындагыларга жыйын өткөнү кандай? Баягыдай эле бапылдап, “эч нерседен коркпогула бул ишти баары бир аягына чыгарам, керек болсо МегаКомго кошуп туруп, Билайнды да тартам. Ал эми тиги Жаманкуловду кызматынан айдап тынам” – дептир.
Баса, өзүн хан сезип алган Иманкадыр Рысалиев “мени Өкмөт башчы эле эмес, президент дагы колдойт, алар менин колумда, менин мышыгымды эч ким пыш дей албайт” деп президенттин атына жамынып жатканына жол болсун. Кыскасы Акаев менен Бакиевдин бийлигине эрмешип жүрүп, акыры экөөнүн тең башын жуткан Рысалиев эми бажасын баш кылып, президентти төш кылып жок кылып тынбаса эле болду. Андыктан “этеги жаман жерден айрылган” буга окшогон эргулду мыйзам чегинде жоопко тартып, бийликтин босогосуна жолотпоо учурдун талабы. Анпесе абал чатак...
Булак: "NazarNews.kg"