www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-декабрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов маалымат жыйында добуштарды кол менен эсептөөнүн жыйынтыгын күтүүнү сунуштады.

Анын айтымында, мыйзам бузуулар болгон эмес.

«Мыйзамга ылайык, кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы шайлоо өткөндөн кийин 20 күндүн ичинде чыгарылат. 28-ноябрдан бери канча күн өттү? БШК эмне үчүн кол менен саноо мынчалык узакка созулуп жатканын түшүндүрдү, система ушундай», - деди ал.

Иманкулов азыр БШК тарабынан эч кандай мыйзам бузуу болбогонун айтты.

«Президент бардык мыйзам бузууларды текшерүүгө даяр экенин айтып жатат. Кол менен эсептөөнүн жыйынтыгын күтөлү. Жыйынтыктарды алгандан кийин, биз сиздердин бардык дооматтарыңыздарды кароого даярбыз. УКМК дагы иликтөө жүргүзүп жатат, алардын иликтөөсүнүн жыйынтыгын күтөлү», - деп кошумчалады Иманкулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости