www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Империя пиццыдан» ролл жеп уулангандардын алгачкылары мындан бир жума мурун ооруканага кайрылган. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Кундуз Эсенгулова билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө «Империя пиццынын» бардык 16 филиалы жабылып, аларга жагдайлар такталганга чейин жабылсын деген санитардык буйрук берилди.

«Бизге «Империя пиццынын» филиалдарынын биринен буйрутма аркылуу алган роллдон ууланган 3 адам тууралуу маалымат түшкөн. Алар үйүндө саат 21:00дө аны жеген, 02:00гө жакын жабырлануучулар кусуп, дене табы көтөрүлүп, ооруканага кайрылган. Экспертиза жүрүп жатканына байланыштуу уулануунун себеби азырынча тактала элек», - деди дарыгер.

Андан ары, анын айтымында, баардык анализдер аталган тармактын продукциясынан да, кызматкерлерден да чогултулган.

«Бир жума мурда «Азия-Молл» соода борборундагы «Империя пиццы» кафесинде дагы уулануу катталган, 3-4 күн өткөндөн кийин ушул сыяктуу дагы учурлар чыкты. Уулангандардын экөөндө жеңил форма болгон. Алар амбулатордук түрдө дарыланууда», - деди Кундуз Эсенгулова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости