www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун инаугурациясына экс-президенттер, парламенттин экс-төрагалары жана экс-премьер-министрлер чакырылды. Бул тууралуу Президенттин аппарат жетекчиси, инаугурацияны уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов маалымат жыйында кабарлады.

Ошондой эле ар кандай саясий партиялардын өкүлдөрү жана президенттикке ат салышкан талапкерлер да чакырылган.

«Ант берүү аземине жалпы 1100 конок чакырылды. Алардын дээрлик 70 %ын шайлаган эл түзөт. Тизме толугу менен аягына чыга элек. Тизме инаугурация башталганга чейин аракетте болот. Кээ бир өзгөртүүлөр болот, күтүүсүз жерден меймандар келип калышы мүмкүн«, — деди Касмамбетов.

Мындан сырткары, ал Садыр Жапаров ант берүү азаеми аяктагандан кийин эле түз эле ишке кирише тургандыгын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости