www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Атам тууралуу калк арасында ар кандай каңырыш кептер айтылып жүрөт” деп Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова атасынан кантип айрылып калганы боюнча социалдык баракчасына жазды.
--“Азыр мен атамдан кантип айрылып калгандыгыбыз тууралуу айтып бергим келип турат. Себеби бул тууралуу дагы калк ичинде ар кандай каӊырыш кептер айтылып жүрөт.
20-июнь күнү кечинде атамдын дене табы көтөрүлдү. Эртеси күнү эле ал ПЦР-тест тапшырып, андан кийин телефон аркылуу Талант Сооронбаев менен байланышты. Ал дене табы 38,5-тен жогоруласа, парацетамол ичип туруусу зарылдыгын айтты. ПЦР-тесттин жыйынтыгы көпкө чейин белгисиз болуп жатты. Кийин белгилүү болгондой, медкызматкерлер аларды жоготуп жиберишиптир. Арадан төрт күн өткөндөн кийин Саламаттык сактоо министринин орун басары М.Каратаев телефон чалып, анализдин жыйынтыгы табылгандыгын жана атамдан эч кандай вирус аныкталбагандыгын айтты. Бирок ошол эле күнү кечинде атам жөтөлүп баштады. Дем алуусу оорлоп, кандын кычкылтек менен каныккандыгы (сатурация) 86-га чейин төмөндөп кетти. Т.Сооронбаев атама клексан жана антибиотиктерди алып, үйдө эле дарыланууну сунуштады. 28-июнь күнү Т.Сооронбаев атамды ооруканага жаткыруу зарыл экендигин айтты. Себеби атамда тахикардиянын белгилери байкалып жатыптыр. Ошентип атам Улуттук госпиталдын кардиология бөлүмүнө дарыланууга жатты. Андан кийинки эки күн ичинде биз врачтар айткан бардык дарыларды (Клексан, дексаметазон, Моксимум, Розефин, Левофлоксацин ж.б.) сатып алып келип бердик. Андан тышкары, жаӊы тоӊдурулган плазма зарыл экендигин, медициналык жолдомону алуу үчүн эртеси күнү таӊ эрте келүүбүз керектигин айтышты. Бирок эртеси күнү, анын эртеси күнү дагы бизге жолдомо беришкен жок. Себебин жолдомонун бланкасы түгөнүп калгандыгы менен түшүндүрүштү жана Санавиацияга кайрылып көрүшүбүз зарылдыгын айтышты. Акыр аягында “плазма куюлду, баары жакшы” деп кабарлашты. Белгилей кетүүчү нерсе, атам ооруканага жаткандын эртеси күнү апама телефон чалып, “палатага врачтар кирбейт экенин, кыйкырып атып да чакыра албайт экенсин,”- деп айтыптыр.
29-июнь күнү кечинде биз атам менен видеобайланыш аркылуу сүйлөштүк, абалы канааттандырарлык болчу. Көрсө биз аны акыркы жолу тирүү көрүп жаткан экенбиз. Мындай кайгылуу окуя болуп кетерин биз ойлогон дагы эмеспиз.
Эртеси күнү атам биздин телефон чалууларыбызга да, жазгандарыбызга да жооп бербей жатты. Биз дүрбөлөӊгө түшүп Т.Сооронбаевге, Башкы дарыгердин милдетин аткарып жаткан Усупбаев А.Ч., М.Каратаевге, кыскасы тааныган бардык адамдарга телефон чалып байланышууга аракет жасадык. Бирок баарысы бирдей телефон чалууларыбызга да, жазгандарыбызга да жооп беришкен жок. Аягында тааныш бир медайымга жолугуп, атам жаткан бөлүмгө кирип анын абалын билип чыгууну сурандык. Чыныгы абалды ошол медайымдан уктук. Көрсө атам реанимацияга түшүп, жасалма жол менен дем алдыруучу аппаратта жаткан экен. Кечинде Т.Сооронбаев телефон чалып, жогорудагы биз уккан маалыматты айтты. Эртеси күнү эртеӊ менен Т.Сооронбаев кайрадан апама телефон чалып, атам ага өзү телефон чалгандыгын жана ал өзүн жакшы сезип калгандыгын айтыптыр. Андыктан эки күндүн ичинде жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгара тургандыгын билдириптир. Сатурациясы кырк жетиден сексен бешке чейин көтөрүлүптүр. Апама жазган катында атам өзүн жакшы сезип калгандыгын, калган дарыланууну үйдөн эле улантууну каалагандыгын айткан экен. Кечке маал сатурациясы 92-ге жетти.
Ал учурда атамдын туркиялык эски досу атамдын абалын угуп, самолет жиберип, атамы Туркияга алып барып дарылоо ниетин билдирди. Бирок врачтар бул өтө кооптуу экендигин айтышып, атамы алып чыгып кетүүгө уруксат беришкен жок. Биз андан кийин бул маселени көтөргөн жокпуз.
Андан кийинки бир нече күн биз атам менен такыр байланыша албай койдук. Бирок врачтар анын абалы туруктуу экендигин, калыбына келүүсү жана эс алуусу үчүн атайын дары менен уктатып коюп жаткандыгын кайра-кайра кайталап жатышты. Биздин үй-бүлөдө медиктер жок болгондуктан, ооруканада айтышкан ар бир сөзгө ишенип коюп эле олтурдук. Өз көзүбүз менен көрүү үчүн биз ал жакка жулунуп кирүүгө да аракет жасаган жокпуз. Көрсө көп эле адамдар “кызыл аймактарга” кирип, оорудан жабыркаган жакындарын өздөрү карап жүрүшүптүр. Тилекке каршы, биз аны кийин билип калдык.
Врачтардын айтымына караганда, 3-июль күнү атамдын сатурациясы 96-га чейин көтөрүлүп, алар аны жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгаруу аракетин көрүшүптүр. Бирок ойлору ишке ашпай калыптыр. Андыктан ошол эле күнү бизге М.Каратаев телефон чалып, атамдын абалы туруктуу экендигин, бирок “толук реабилитация жасоо үчүн аны Туркияга алып барса жакшы болмок. Себеби биздеги аппараттар абдан эски, ал эми Туркияда раебилитация тезирээк жана натыйжалуу болмок” деген оюн айтыптыр. Биз кайрадан атамдын Туркиядагы досу менен байланыштык. Тилекке каршы, дем алыш күндөрүнө туш келип калып, самолеттун учуусуна уруксат берүүчү кагаздарды 6-июль күнү түшкө жакын гана алууга мүмкүн болду.
Бул дем алыш күндөрү да биз атам менен байланыша алган жокпуз. Врачтар баягы эле сөздөрүн кайталап жатышты: “Абалы туруктуу, кабатырланууга негиз жок. Узак жолго чыгар алдында жакшы эс алсын деп уктатуучу ийне сайдык. Азыр уктап жатат”.
Биз жолдо кооптуу бир нерсе болуп кетери тууралуу ойлогон дагы эмеспиз. Себеби врачтар атамдын абалы туруктуу экендигин кайра-кайра кайталап айтып жатышкан. Тез жардам унаасы Улуттук госпиталдан чыккандан 3 минута өткөндөн кийин жол боюна кайра токтоду. Көрсө атамдын жүрөгү токтоп калыптыр. Биз “шок” абалында болдук. Машина жол боюнда көпкө турду. Бир топ убакыттан кийин М.Каратаев келип врачтар менен бир аз кеӊешкенден кийин, машинанын үн-жарык белгилерин иштетип жолго чыгып, кайрадан Улуттук госпиталдын кайра жандандыруу бөлүмүнө карай жол тартты. Бизге эч нерсе айтышкан жок. Атамды кайра жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кеткенден 15 мүнөт өткөндөн кийин М.Каратаев чыгып келди. Ал “баары турукташты, жүрөгү согуп жатат. Биз аны аппаратка кошуп койдук” деди. Арадан дагы 15 мүнөт өткөндөн кийин атамдын бир тууганы кайра жандандыруу бөлүмүнө кирип чыкты. Ал бизге өтө оор, кайгылуу кабар алып чыкты.
Бул жерде мен ушул күнгө чейин жооп таппаган бир катар суроолор бар. Тез жардам унаасындагы врачтар менен болгон сүйлөшүүлөрүмдөн улам, атамды Улуттук госпиталдан алып чыгып кетип жаткан күнү атамдын абалы өтө эле оор болгондугун билдим (бизди ал күнү да ичине киргизбей коюшкан).
Эмне үчүн бизге анын чыныгы абалы тууралуу эч нерсе айтышкан жок?
Эмнеге “анын абалы туруктуу” деп жалган айтып жатышты?
Атамдын абалы аны ары-бери ташып жүрүүгө мүмкүн эмес болсо, анда эмне үчүн аны “реабилитацияга алып кеткиле” деп айтышты?
Тез жардам унаасындагы врачтардын айтуусунан улам анык болгондой, атам тез жардам унаасында бара жатканда эле каза болуп калыптыр. Бирок М.Каратаевдин буйругу менен аны кайра реанимацияга алып жөнөшүптүр. Биздин көз алдыбызда ойнолгон бул спектаклге мен азыркыга чейин түшүнбөй келем. Эмне үчүн М.Каратаев бизге чыгып келип “аппаратка коштук, жүрөгү согуп жатат” деп айтты? Мындай спектаклдин кандай зарылдыгы бар эле? Бизди эмнеге мындай кылып мазакташты, эмнеге жалган үмүт беришти?...
Дагы бир өкүнүчтүү жери – мындай кайгылуу кабарды бизден мурун ЖМКларга кабарлагандыгы. Бул маалыматты алар бизден мурун эле угушуптур. Бул тууралуу маалыматтарды иликтөөнүн натыйжасында мен төмөндөгүдөй жыйынтыкка келдим. Атамдын каза болгондугу тууралуу биринчи маалымат Кактус Медиага саат 23.20.-да жарыкка чыгыптыр. Ал эми Тез жардам унаасы атамды ооруканага 23.38-де алып келди. Демек бул маалымат атам Тез жардам унаасында жатканда эле жарык көргөн. Бизге болсо атамдын каза болгондугун түнкү саат 12-ден кийин гана угузушту.
Бул окуядан кийин Улуттук госпиталда “жоопкерчиликти өзүбүзгө алабыз, атабызды алып кетебиз” деген тил катыбызды издешиптир. Ал гана эмес “силер өзүңөр күчкө салып алып кеттиӊер” деп бизди күнөөлөгөндөр дагы болду. Бирок чындык биз тарапта, биздин үй-бүлө мүчөлөрүнөн эч бирибиз мындай тил кат жазган эмеспиз. Аны “алып кетебиз” деп өжөрлөнгөн да эмеспиз.
Алтыным ата, жаткан жериӊиз жайлуу, топурагыӊыз торко болсун. Бизди кечирип коюнуз”, - дейт Турсунбекова.
Булак: NazarNews.kg