www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун алгачкы он жарлыгы эмитеден эле даяр

Садыр Жапаровдун президент катары алгачкы он жарлыгы даяр. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчысынын аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаровдун президент катары алгачкы чечимдерин эми анын аппараты карап жатат. Учурда ал жарлыктарды талкуулоо жана талдоо процесси журүп жатат.

«Мен азыр бул жөнүндө маалымат бергим келбейт. Жарлыктар азыр талкууланып жатат. Бирок азырынча биз жарлыктардын кайсы чөйрөлөргө тиешеси бар экендигин жарыялай албайбыз», - деп жыйынтыктады Сүйүнбек Касмамбетов.

Эске салсак, жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда филармонияда өтөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости