www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Ишенбай Кадырбековду камакка алуу аракети көрүлүп жаткандай. Бирок, бул жаатта бийлик билермандарынын ортосунда талаш-тартыш жаралып, создугуп кеткени эмнени билдирет?

Бири күрсүлдөп каматууга ашыкса, экинчиси токтотуп, айтор, аз жерден кырдыбычак кырдаалга жетпей калышыптыр.

Эркиндиги кылдын учунда турган Ишенбай аксакал соңку мезгилдерде жаңы бийликке сын пикир айтып, каршылык көрсөткөнү белгилүү. Мындан ары дагы мыйзамдуулук, укуктук жактан Ак үйдөгүлөргө акыл үйрөтүп, акаарат келтире берээри айкын. Ошондо 72 жаштагы Кадырбековду камап салышабы? Бул тууралуу «Азия News» гезити жазды.

Эскерте кетсек, Ишенбай Кадырбеков буга чейин Садыр Жапаровдун президенттик шайлоого катышуусун мыйзамсыз деп баалап, аны талапкер катары каттабоону Борбордук шайлоо комиссиясынан талап кылып чыккан.

10-январда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаров менен Кадырбековдун арасы башынан эле солуңку экени калың элге байкалган.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Ишенбай Кадырбековдун каралоолоруна «Ишенбай Кадырбеков, мен сага окшош саткын, паракор эмесмин. 2007-жылы сен Госстройду жетектеп турганыңда азыркы менин республикалык штабым жайгашкан имаратты куруп жатканда ар кайсы шылтоо менен токтотуп, 300 миң доллар пара сураганың эсиңдеби?» деп дымагын өчүргөнү баарыбызга маалым.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости