www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аялдардын билими эркектердин деңгээлине караганда жогору

Эркектердин билим деңгээлинен аялдардын билим деңгээли жогору, - деп билдирет Улуттук статистика комитети.

Маалыматка ылайык, аялдар жана эркектердин ишмердиктин түрлөрү жана жумуштардын топтору боюнча бөлүнүшүндө иштеген аялдардын билим деңгээли кыйла жогору экендиги алдын ала аныкталган. 2019-жылы иштегендердин жалпы санында жогорку кесиптик билими бар аялдардын үлүшү 27%, эркектердин үлүшү – 18%, кесиптик орто билими барлар, тиешелүүлүгүнө жараша, 17% жана 8%ды түздү.

Анда орто же толук эмес орто билим жетиштүү, бирок кесиптик даярдык керек болгон ишмердиктин түрлөрүндө жана жумуштарда иштеген эркектер басымдуулук кылат. Иштеген эркектердин арасынан башталгыч кесиптик билим алган жактардын үлүшү - 10 пайызга жакынды, аялдар арасында – 5 пайызды түздү.

2019/2020 - окуу жылынын башталышына карата жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттеринин арасында аялдар 52%ды, ал эми орто кесиптик окуу жайлардын студенттеринин арасында 56%ды түздү. Муну менен билим берүү, кеңири керектелүүчү товарлардын технологиясы, саламаттык сактоо, маданият, искусство, сервис сыяктуу адистиктерге окутууда салттуу түрдө кыздар басымдуулук кылганы белгиленет.

Ушул эле учурда, эркектер машина куруу жана металл иштетүү, токой ресурстарын кайра иштетүү, пайдалуу кендерди иштетүү, курулуш жана архитектура, электрондук техника, энергетика иштетүү менен байланышкан кесиптерди тандашат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости