www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Пандемия учурунда келтирилген зыянды шшктөө комиссиясында мүчө болдуңуз. Жалпы сынан андагы мүчүлүштүктөргө токтолуп өтсөңүз?

- Кечээ өкмөт отурумунда комиссиянын ишин уктук. Биз гуманитардык жардам берген тарапты, анын бөлүштүрүлүшүнөн тарта карап чыктык. Анда келген жардамдардын бир тобунун учету жоктугу аныкталды. Көп кычкылтек консентраттары кайда кеткени белгисиз бойдон калды.

Ошондуктан, бул дагы эле комиссиянын кароосунда болот. Керек болсо укук коргоо органдарына иликтөөгө берилет. Ооруканалардын ошондогу иши, каражаттардын бөлүнүшү дагы иликтенди. Ошондой эле, коронавирус менен түшкөн киши каза болгондон кийин статисгикага түшпөй калган учурлар да бар экени аныкталды. Дарылардын берилиши, протоколдордун бекитилиши каралып, аларды бекитүү 1-2 айга чейин кечеңдетилгенин көрдүк.

- Комиссиянын иликтөөсүнө таянсак, чоң даражадагы чиновниктер менен катардагы дарыгерлерге чейин карапйым элдин кайгысынан бизнес жасагандары ачыктала турганы маалымдалды. Сиздин оюңузча, кызматын кыянаттык менен колдонгондорго карата кандай чаралар көрүлүшү керек?

- Комиссия кызматынан кыянаттык менен пайдалангандарга карата чара көрүү жөнүндө эч кандай көрсөтмө берген жок. Аны укук коргоо органдары толук изилдеп чыгып, ошого жараша чара көрөт деп ойлойм. Ал эми комиссия тарабынан коопсуздук кеңешке тийешелүү тармактарга тапшырма берүү сунушун киргизгени жатабыз.

- Саламаттыкты сактоо министрлиги 3-толкун февраль айында келээрин айтууда. Ага даярдыкты алдын ала көрүү пландары тууралуу депутат катары маалымат алдыңызбы? «Жайкы кырдаал кайталанбайт» дегенге кепилдик барбы?

- Биз 3-толкун боюнча сүйлөштүк. Бирок саламатыкты сактоо министрлиги алдын алуу иш-чаралары тууралуу маалымдаган жок. Анткен менен министрликке комиссия тарабынан бир топ рекомендациялар берилди. Алар алдын алуу иштерин жетишерлик деңгээлде алып барышы керек.

- Эксперттер эмитен эле вакцина жана аны сактоочу муздаткычтардан бизнес кылуу аракеттери бар экенин айтышууда...

- Пфайзер вакциналары бекер берилсе деле аларды биз ала албай калдык. Аны сактоочу муздаткычтарга 2 млн. доллар керек экен. Өкмөт андай каражат жоктугуна байланыштуу вакцинаны алуудан баш тартып жатат. Менимче, бул жерде россиялык вакциналарга ыкгоо болуп атат. Негизи эл аралык уюмдар менен иштетүү кере кэле...

Булак: Азия News гезити

Последние новости