www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көмүскөдө жүргөн бандалык топтун мүчөлөрү өлтүрүлдү

Чеченстанда бандалык топтун алты мүчөсү жок кылынды. Бул тууралуу Чеченстан республикасынын башчысы Рамзан Кадыров билдиргенин аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Кадыровдун айтымында атайын операция өткөрүү иши тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин кабардар болгон жана өзү жеке түзөтүүлөрдү киргизген.

"Ички иштер министрлигинин Чеченстан Республикасынын биринчи президенти Орусиянын баатыры Ахмат-Хаджи Кадыров атындагы атайын даярдыктагы полкунун аскерлери Катар-Юрт конушунун айланасында атайын операцияны ийгиликтүү өткөрүштү. Жыйынтыгында федералдык издөөдөгү Аслан Бютукаев жана анын бандасындагы 5 киши жок кылынды" - деген жазган Кадыров.

Рамзан Кадыровдун айтымында атайын операция бир топ убакыт мурун пландалып, ага жеке өзү катышкан. Буга чейин бандиттик топ күзөтүүлөрдөн жана туткундоолордон бир нече жолу кутулуп кеткен. Бирок бул жолу алар кутулуп кете алышкан жок. Топтун 6 мүчөсү тең операция учурунда жок кылынып, алардын аты-жөнү аныкталгандыгы жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости