www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаевди жана анын орун басарын кызматтан алуу талабын коюшкан. Ага мэрдин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынына чакырылып, бирок келбей койгону себеп болгон. 

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы бүгүн да маалымат таратып, анда мэр менен анын орун басары комитеттин жыйынынын чакыруусун бир нече жолу аткарбай койгонун белгилешкен. 

Маалыматта айтылгандай, аталган комитетке курулуш тармагынын ишкерлеринен көп даттануулар келет. Бүгүнкү күндө долбоорлоо жана курулуш иштерине уруксат берүүчү документтерге мамлекеттик органдар менен катар Бишкек мэриясынын да тиешеси бар. 

"Курулуш тармагында бир нече убакыттан бери так ушул долбоорлоо жана курулуш жаатына уруксат берүүчү документтерди алуу боюнча чечилбей келе жаткан маселелер бар. Ага байланыштуу комитет күн тартибине курулуш тармагындагы маселелерди киргизип, курулуш пландарын ишке ашыруудагы керектүү документтерди алуу процедураларын оптимизациялаштыруу боюнча чараларды кабыл алууну ниеттенген. Бирок аны кароо муниципалитеттин өкүлдөрүнүн келбей койгонуна байланыштуу кийинкиге жылдырылган", - деп жазат ЖК басма сөз кызматы. 

"Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттери менен ыйгарым укуктары боюнча айрым чектөөлөргө, ошондой эле «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдын ченемдерине ылайык, мэрия шаар кеӊешинин алдында отчеттуу болуп саналганына карабастан, жогорку мыйзам чыгаруу органы катары Жогорку Кеӊеш өзүнүн көзөмөл кылуу иш-милдетин аткаруу алкагында мыйзамдардын аткарылышы боюнча комитеттердин, парламенттин отурумдарына чакырууга, анын ичинде калкка долбоорлоо жана курууга уруксат документтеринин берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жаатындагы зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга жана отчетту талап кылууга акылуу. Андан тышкары комитеттин белгилөөсүндө "Жогорку Кеңеш айрым кызмат адамдарынын, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлеген кызмат орундарына ылайыктуулугу жөнүндө сунуштама берүүгө укуктуу" экенин Жогорку Кеңеш баса белгилеп өттү.   

Эске салсак, 19-январда транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети көпчүлүк добуш менен Балбак Түлөбаевди кызматтан бошотуу чечимин кабыл алып, өкмөткө сунуштама жиберген. 

Балбак Түлөбаев депутаттарга "мыйзамды окугула" деп жооп кайтарган. "Мен эки мыйзамдын негизинде -"Борбор калаанын макамы жөнүндө" жана "Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө" - иштейм. Чоң парламентке кичинекей мэриянын эмне кереги бар? Мыйзам боюнча иштейли", - деп жооп кайтарган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости