www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ээн жерде жалгыз жүргөн адамдарды азгырган азгырыктар тууралуу окуяларды уктуңар беле? Укпасаңар мен бир окуяны айтып берейин.
Алигиче менин башым жетпей, мен бала кезде болгон окуянын түйүнүнө. Ал кезде мен 1-класска жаңы барсам керек эле. Атам койчу болгондуктан көп убактым тоодо өттү. Айылга келген биз үчүн анда шаарга келгендей эле сезилчү. Чынында тоодо жүрүп көп нерселерден артта калыптырмын.
Окуу эмне экеңин билчү эмесмин мектептин босогосун аттаганда апам мага жаңы кийим кийгениме сүйүнүп, мектепке келсем мага окшогон кыздар-балдар мага караганда көптү билишет экен. Алгачкы күндө эле менин окугум келбей, өзүм көнүп калган тоону эңсеп, улам тоо жакты терезеден карап коём. Ошентип, 1-чейрек дагы аяктап, ноябрь айында биринчи каникулга тарадык. Ошондогу менин сүйүнүчүмдө чек жок эле.
Түш ооган убакта байкемди ээрчип, чоң коктудан орун алган атамдын сарайын көздөй бет алдык. Ат менен эки сааттык жол. Күздүн күнү күн кыска болот эмеспи, күн тоого жашынганы калган убакта биз сарайга жеттик. Апам мени өзгөчө кабыл алды. Аттан түшуп эле апамды кучактап калдым. Жөн эле алыстан келгенсип. Атам короодон мал байлап жүрүптүр. Үйгө кирсем эжем төшөктө жатат, суук тийип ооруп калыптыр.
Өңү керсары тартып, кыйналып турганы дароо эле билинди. Сырттан кирген апам көңүлү суз:
- Эжең кечээтен бери ооруп атат. Айылга алып барып догдурга көрсөтпөсөк болчудай эмес. Эртеңден калбай врачка көрсөтпөсөк болбойт, түндө жөөлүп чыкты, - деп кобурады. Эжем ошондо 8-классты окуп бүтүп үйдө эле. Сырттан кирген атам мени эркелете сүйлөп:
- Окууларың кандай? - деп сурады. Менин башымды ийкеп, оозум бош «жакшы» деп жооп бердим да, төшөктө жаткан эжемди карадым. Эжем күрс-күрс жөтөлүп, чарчаңкы көзү менен карап, көңүлү суз нары карап жатып алды. Ал күнү кечинде биз эрте эле жаттык. Чынында ошол кезде суу тоңуп, айлана суук болуп калган. Таңга жуук эле апам кобуранып калды:
- Анипа жок, кайсы убакта сыртка чыкты эле, билген жан барбы? Сырттын баарын карап келдим, - деди. Баарыбыз эч нерсени сезбей уктаган экенбиз. Бирибиз да билбейбиз Анипа эжемдин сыртка чыгып кеткенин. Атам дароо ордунан туруп, кийинип атып сүйлөдү:
- Тургула, силер малга чөп салгыла, мен атты минип эки жакты карап келейин. Бул аймакта азгырык бар деп уктум эле. Балким азгырык азгырып кетип жүрбөсүн, - деп кобуранып сыртка чыга жөнөдү. Апам чыйпылыктап:
- Тургула, малды эртерээк жайлап, силер дагы издегиле эжеңерди. Кечинде силер уктаганда эжеңер катуу жөөлүп атты эле, карачы эми дайыны жок жоголгонун, - деп төшөктөрдү жыйып мешке от жагуу менен алек болду. биз шашыла малды жайлап, эжемди издөөгө кириштик. Күн шашкеге жакындап калган кезде атам келди. Бүт жерди карадым Анипа жок, - деп. Байкемди айылга чаптырышты, айылга кетип калбасын деген ойдо. Күн төбөдөн ооп калган кезде атты тердете чаап байкем келди «айылда да жок» деп. Мына эми биздин шаштыбыз кетти, өзгөчө апамда жан жок, көз жашын көлдөтүп ыйлап алган. Кошуналар бүт көтөрүлө издегенге киришти.
Эч бир дайыны жок. Карагер атты минип кеткен атам көңүл суз келди да, курсагын тойгузуп алып кайра кетти, капчыгайдын ичи эле калды. Ар бир таштын коңулунан бери карабасак, силер дагы тиги «Кызыл чаптын» ичин дагы бир сыйра карагыла деди. Убакыт өткөн сайын чыйпыйыбыз чыгып, баарыбыз жабыла план түзүп алдык, издеп жөнөдүк. Андайда убактык дагы тез өтүп, эч нерсеге үлгүрбөй калат эмессиңби. Күн ылдыйлагандан ылдыйлап бүгүнкү сапарым да карыды дегенсип, уясына жакындагандан жакындап баратты. Биз болгон тоонун булуң-бурчунан бери карап, чарчаганда кайра келдик. Аңгыча эле капчыгай жакка кеткен атам атка өңөрүп эжемди алып келди да апама:
- Суу алып чык, - деди. Апам шашыла чыныга суу алып чыгып, эжемдин ба-шынан айлантып, бир нерселерди кобурап, сууну алыс жакка чачып жиберди да, анан атама суроо берди:
- Кантип таптың? - деп. Эжемди эч үн жок уктаган калыбында өзүнүн ордуна жаткырышкан соң атам:
- Мен барбасам эч ким тапмак эмес экен. Чоң таштын коңулунда бүрүшүп уктап отурат. Дагы жакшы кызыл жоолугун көрүп калдым. Мен ал жерди жакшы карап өткөнсүгөм - деди. Жашы сексенге таяп калган Кабылбай карыя:
- Азгырык азгырган турбайбы. Азгырык азгырган адамды ошентип көзгө көргөзбөй жашырып коёт. Молдо алдырып, дем салдыргыла, болбосо кызыңар оорулуу болуп калышы мүмкүн. Тээ илгери согуштан кийин да ушул коктудан таластык Асанбектин кызы 1 дайынсыз жоголгон. Кийин сөөгү табылды ташка жөлөнүп отурган тейде өлүп калыптыр. Анда кеч күз болуп калган эле - деп бир кезде болгон окуяны баяндап берди. Атам дароо эле айылдагы Абакир молдону алдырып дем салдырды да, бир улакты садага чапты. Эртеси эжем эсине келгенден кийин сурасак эч нерсе билбейт. Ошондон кийин биз ал коктудан кооптонуп калдык. Бирок, алигиче алиги азгырыктын түйүнү чечилбегени эмнегедир мени ойго салат.
Булак: Азия News гезити