www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке аттанганда кимдин ким экени  аныкталат. Азырынча бир да мамлекет башчысы Жапаровдун президент болгонуна кубанып кеткен жок.  Каскак боло турган Касмамбетов Усубалиевден  Жапаровго секирип инаугурацияга олигархтарды чогулта баштады. Усубалиев пара алчу эмес, кочкордун кулуну Касмамбетов эбин таап алма жегиси келген Усубалиевге татынакай апорт алма алып барат. Лекин, анын манасчы кочкорлук атасы Сапарбек Касмамбетовду  сыйлаган Тукең курт жеген алмаларды алып кел дейт, анткени курт да жакшы алманы сүйөт деп. Ал жан –дили менен алып келет. Ошондон соң Сүйүнбекти сүйүп калат. Касмамбетов Усубалиев тартуулаган махабатты туура пайдаланган, ал карындаштары  Касмамбетова Гүлнара менен Акчолпон Койчуеваны Усубалиевдин аркасы менен белгилүү маалыматтарга орноштуруп, бийликтин даамын соро баштайт. Усубалиевден улам гүлдөгөн Касмамбетов Жапаровдун заманында түрдөнө баштады. Ал президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. Касмамбетовдун каскагы тийип Жапаровдун инаугурациясына президенттерден эч ким келбей тургандай. Пенсионер Назарбаев келиши ыктымал.   Пенсия жашындагы  Сүйүнбек Касмамбетов 1960-жылы 8-апрелде кочкорлук манасчы Сапарбек Касмамбетовдун үйүндө төрөлгөн. Президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун ант берүү аземи өткөрүү боюнча долбоордо бюджеттен 15 млн сомго жакын акча каралган. Бул тууралуу Президенттин аппарат жетекчиси, инаугурацияны уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов маалымат жыйында билдирди. Президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда, саат 11:00дө Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости