www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Буга чейинки окууларда баяндама жасаган Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева: "Фонддун 2019-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнүн иш жүзүндө аткарылышы жыл башында пайдаланылбаган калдыктарды эске алуу менен 15 234,8 млн. сомду түздү. Болжолдонгон сумма 15 720,5 млн. сом болуп, бюджет 96,9%га аткарылды. Анын ичинде, Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 10 739,2 млн.сом суммасындагы каражатты, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Милдеттүү медициналык камсыздандырууга которулган камсыздандыруу төлөмдөрү – 232,0 млн. сомду, Саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан калкка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражаттар жана кошумча төлөмдөр 1087,5 млн. сомду жана башка келип түшүүлөр –  12,8 млн. сомду түздү", - деген.

Ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 14 641,8 млн. сомду түзүп, болжолдонгон сумма 15 720,5 млн.сом болгон же 93,1 %га аткарылганы айтылган.

Талкуу маалында депутат Акылбек Жапаров: "Коронавируска каршы жасалган вакцинаны баары муздак сакталышы керектиги айтылууда. Андыктан, бул жаатта эл аралык уюмдар жана ишкерлер менен сүйлөшүп, муздаткычтарды алуу маселесин эртелетүү зарыл", - деди.

Өз кезегинде Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев бул жаатта эл аралык уюмдар жана башка мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости