www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Юридика илимдеринин доктору Сания айым менен ат жалында маек.

- Жогорку Кеңеш ишин улантууда, Баш мыйзам боюнча алар чечип берчүдөй. Жол киренин кымбатташы боюнча да ошол эле парламент депутаттары Балбак Түлөбаевдин кызматтан кетишин талап кылышып, сунуш жолдошту. Булар боюнча кандай пикирдесиң?

- Азыркы учурда конституциялык реформа жүрүүдө. Конституциялык кеңешме да жыйынтыгын чыгарып, Жогорку Кеңешке жөнөткөнү жатышат. Мен мурда эле айтып, чырылдап келгендей, парламент депутаттарынын 2020-жылдын 22-октябрынан бери жасап келе жаткан иштери мыйзамсыз. Балбак Түлөбаев боюнча айтсам, ал Жогорку Кеңештин компетенциясына кирбейт.

Аны Бишкек шаардык кеңеши дайындайт жана бошотот. Жогорку Кеңештин өзүн-өзү башкаруу тармагына кийлигишүүгө акысы жок. Бул ЖК депутаттарынын өз ыйгарым укуктарын билбегендигин көрсөтөт.

- Баш мыйзамга 6-чакырылыштын таасири кандай? Мөөнөтү бүткөн парламент менен Конституция кантип ишке кирет?

- Биринчи Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы шайланып, анан Баш мыйзамга реформа болушу кажет эле. Де-факто аны эч ким эске алган жок. Угушпады. Апрелде жергиликтүү кеңештер менен бирге референдум датасы белгиленээри айтылууда. «Мунун баары мыйзамсыз» дегенге эч ким деле назар салып уккан жок. Бирок баарынын кесепетин кийин тартабыз. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү «баары ачык-айкын өтүп жатат» деп эле актанышууда. Бирок, алардын акыркы версиясы кандай? Али белгисиз. Эмнеге жарыялашпайт? Баардыгы сөз жүзүндө гана. Юристтер кандай супер өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын көрө элекпиз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости