www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индияда коронавирус жуктурган адамдардын саны 5 миллиондон ашты. Жонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Индияда коронавирус аныкталгандардын саны 5 млн 20 миң 359 адамды түздү. Анын ичинен 82 миңден ашууну каза болгон.

Өлкөдө дээрлик 2 жумадан бери коронавирус күн сайын орточо 100 миң адамдан чыгып жатат. Оорунун мындай кескин жайылышы чектөө чараларынын бошоңдогонунан улам болууда.

Бул байланыштуу Индиянын бийлиги айрым чектөөлөр экономиканы жандантуу үчүн алынганын билдирди. Учурда мектептер, колледждер жана кинотеатрлар гана иштебей турат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Дэвид Набарро жер жүзүндөгү абалды коркунучтуу деп баалап, бул пандемиянын башталышы гана экенин эскертти.

Анын айтымында, планетанын калк жыш жайгашкан бөлүктөрүндө вирус тез жайылып жатат. Мисалы Индиядагы коронавирус жуктурган 5 миллион адамдын 1 миллиону соңку 11 күндө катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости