www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индия коронавирусту аныктаган геномдук маалыматын тааный турган  жаңы тестти ойлоп тапты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Илим жана технология министрлиги тарабынан кабарланганын РИА Новости жазды.

Билдирүүгө ылайык, Геном — клеткадагы тукум кууган маалыматтардын жыйындысы. Көпчүлүк геномдор, анын ичинде адамдыкы ДНКдан куралган, бирок кээ бир вирустардын гендери РНКдан турат.

Учурда индиялыктар Tata CRISPR деп аталган тестти сатыкка чыгарууга уруксат алышты.

Маалыматта айтылгандай, бул дүйнөдө COVID-19 вирусун аныктоодо Cas9 белогун колдонгон биринчи диагностикалык тест. Анын сезгичтиги 96 пайызды, спецификасы 98 пайызды түзөрү белгиленди.

Эске салсак, Индия дүйнөдө коронавирус эң көп аныкталган мамлекеттердин катарында экинчи орунда турат. Учурда өлкөдө 5,4 миллиондон ашык киши оору жуктуруп, анын 4,3 миллиондон көбү айыкты. Ал эми 86 миңден ашыгыраагы илдетти жеңе алган жок.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости