www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиядагы кыргызстандык келиндин өлүмү боюнча ТИМ үн катты

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Индиянын Нью-Дели шаарында баласы менен чогуу киши колдуу болгон келиндин өлүмү тууралуу комментарий берди.

 «Тергөөнүн маалыматы боюнча, келин курбусунун үйүндө 21-сентябрга караган түнү киши колдуу болгон. Тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, полиция кылмыш ишин козгоду. Шектүүлөр суракка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, келиндин Индиядагы туугандары уулу экөөнүн тең сөөгүн Кыргызстанга коюуга макулдугун берген.

Элчилик бул ишти өз көзөмөлүнө алып, учурда сөөктөрдү Кыргызстанга алып келүү маселесинин үстүндө иштеп жатат.

Эске салсак, буга чейин 28 жаштагы кыргызстандык кош бойлуу келин Нью-Дели шаарында бир жашар уулу менен чогуу өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалымат тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости